Суусамыр айылындагы 5 орто мектептин окуучуларын өрөөндүн туруктуу демөөрчүсү, Жогорку Кеңештин экс депутаты Тынчтыкбек Конушбаев куттуктады. Демөөрчү жыл сайын Жаңы Жыл алдында берип келген белектерин таратып, мектептен башка мекемелерди да кыдырып куттуктады.
Мектепте окуу онлайн форматта болуп жаткандыгына байланыштуу белекти алууга окуучулардын ата-энелери келип белектерин алып, Тынчтыкбек Конушбаевге ыраазычылык айтышты.
Бул тууралуу Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектептин тарбия завучу Гульмира Абдылдабекова айтып берди:
«Тынчтыкбек Конушбаев агай 27-декабрь күнү келип, Жаңы жылдык белектерин тапшырып кетти. 296 даана белек алып келип даярдоо классынан баштап, башталгыч класстардын окуучулары жана ошондой эле мугалимдер жамааты, тех персоналдар, ошондой эле 10 аз камсыз үй-бүлө агайдын таттуу белектери менен камсыз болушту. Балдардын ордуна ата-энелердин келип балдарынын белегинин алышынын себеби да, окуунун онлайн түрдө болуп жатканы байланыштуу болду».
Ата-энелер да ыраазычылык билдирип, каалоо-тилектерин айтып жатышты:
«Тынчтык агайга терең ыраазычылык билдиребиз. Жыл сайын биздин балдарыбызды кубандырып, бакыт тартуулайт. Балдарыбыз онлайн окуп жаткандыктан балдарыбыздын белектерин ата-энелер алып кеттик».
Туруктуу демөөрчү Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү окуучуларга 20 жылдан ашуун убактан бери колдоо көрсөтүп келет. Алардын ичинде «Жыл мугалими», «Акыл Ордо», «Парламент сүйлөйт» аттуу долбоору бар. Бул долбоорлор аркылуу алдыга чыккан окуучуларды бүгүнкү күнгө чейин өз көзөмөлүнө алып, ар түрдүү жардамын аябай келет.
«Жаңы Жылга белектерди үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен өз колубуз менен даярдайбыз. Ар бир белекке колубузду тийгизип, жакшы каалоо тилектерди айтып, толкунданып жасайбыз. Ата-энелер баладан күткөн келечегибиз орундалсын, ата-эне балдары үчүн эч нерсесин аябайт. Ошондуктан ата-энелер мугалимдер менен биргеликте болуп, балдардын тарбиясына салым кошолу. Баарыбызда ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, Жаңы Жылыңыздар куттуу болсун»,- деди Тынчтыкбек Конушбаев.
Окуучуларга белек тапшыруу аземине Жайыл районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Арыков катышты:
«Жайыл райондук Билим берүү бөлүмүнүн атынан Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайбыз. Бүгүн дагы жакшы күндөрдүн бири экен, Кулуев Шабданбек агайдын усулдук бөлмөсүн аземи да болуп жатат. Буга чейин бала бакча дагы ачылды. Тынчтыкбек Конушбаевдин мектептерге колдоо көрсөтүп, окуучуларга ар түрдүү жардам берип турганы бул билимдүү жаштарды тарбиялоого, өлкөнүн келечегин курууга салымы чоң.»
Конушбаев Кадырбек атындагы орто мектебинин директору Азамат Кашкариев: «Бүгүн бизде конокто Тынчтык агайыбыз, Райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы келип отурат. Биздин мектепте дагы техникалык жактан жаңылануулар күтүп турат. Биздин мектептин жамаатынын атынан Тынчтык агайга бекем ден-соолук, ишиңизге ийгилик каалайбыз. Агай бизге ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келет, ошондуктан терең ыраазычылык билдиребиз»,-деди.
Белек тапшыруу аземи кенже класстын окуучулары тарабынан ыр бий менен коштолду.
Акылай Шамирдинова, Бегимай Шамирдинова