Ак-Талаа районундагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Зарылбек кызы Айдана «Российская газетанын» Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган «Что для меня и моей семьи русский язык» темада дилбаян жазуу боюнча республикалык сынакта 2-орунду багындырды. Уюштуруучулар тарабынанан окуучуга грамота, ал эми мугалимине Бермет Акиевага ыраазычылык кат тапшырылды.
Аталган мектептин мугалими Бермет Акиеванын маалыматына караганда сынак тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн жана социалдык медиадан кабардар болгон. “Сынакка аймактарда жашаган каалаган окуучу катышууга мүмкүндүгү бар болчу. Дилбаян жазып берилген электрондук дарекке жөнөттүк. Жалпы өлкө боюнча сынакка 500дөн ашык окуучу катышкан экен. Орус тилдүү мектептен 30 окуучуга жигердүүлүгү үчүн сыйлыктар берилди”,- дейт.
Аталган республикалык сынак мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Чкалов атындагы орто мектебинин директору А.Самакованын жаркын элесине арналып, орус тилин өнүктүрүүгө жана ооус маданиятын окуучулар арасында жайылтуу максатында өткөрүлдү. Сынакта алдыңкы орундарды камсыз кылган окуучуларга А.Самакованын иниси Аман Самаков уюлдук телефон, мугалимдерине баалуу белектерди тапшырды.
Барчын Мамытбекова