Марат Дононбаев Американын жана Германиянын бир катар университеттеринен гранттык негизде окууга чакыруу алган. Бирок, ал азыр кайсы ЖОЖдо окуурун чече элек. Мунун себебин, ал бизге берген маегинде чет өлкөлүк жыйырмадан ашык ЖОЖдордун сынактарына катышканын билдирип, өзүнө эң ылайыктуусу тандап жатканы менен түшүндүрдү.
— Марат чет өлкөлүк бир канча жогорку окуу жайга тапшырып алардан чакыруу алыптырсыз…
— Мен жалпысынан жыйырмадан ашык чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшырып Drexel University, Hofstra University и Florida Tech University өңдүү он жогорку окуу жайдан чакыруу алдым. Дагы бир катар университеттердин жоопторун күтүп жатам. Ошол он университеттин бешөөсү гранттык негизде. Гранттык толук камсыздоосу болбогон көптөгөн ЖОЖдорго тапшырган жокмун. Негизинен, мен гранттык университеттерди артыкчылыкка коюп, көбүнчө документтерди аларга тапшырганга аракет кылып жаттым. Бирок, мен азыр да кайсы университетте окуурумду толук чече элекмин. Тилекке каршы, гранттар болсо дагы андагы айрым чыгымдар менин үй-бүлөм үчүн кымбат болуп калат. Ошондуктан, дагы деле университет тандап, анын жакшы жана жаман жактарын таразалашым керек.
— Эмне үчүн чет өлкөдө окусам деп жатасыз?
— Чет өлкөдө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар. Ал жерде өз мүмкүнчүлүктөрүмдү ачып берүү оңой болот. Дүйнөнүн мыкты университеттеринде билим алып, жеке максаттарыма жете алам деп ишенем.
— Сиз “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон экенсиз. Кайсы адистикте билим алууну пландап жатасыз?
— Ооба мен “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын жактадым. Эми аны качан тапшырат деп күтүп жатам. Анткени, аны тапшыруу иш-чарасы пандемияга байланыштуу жылып калды. Алдыдагы билим алчу кесибим катары — IT адистигин тандадым. Анткени, технология дүйнөсүндө кодду ойлонуп, дүйнөнү өзгөртө алам деп ишенем.
— Чет өлкөдө билим алуу тууралуу максатыңыздын жаралышына эмне себеп болду?
— 10-класста окуп жатканда биздин мектепке “Келечектин лидерлери мектебинин” өкүлдөрү келишип, лидерлер мектеби жана чет мамлекетте билим алуу жөнүндө айтып калды. Ошондон тарта, менде чет өлкөдө окуйм деген ой кетпей, документтерди даярдай баштадым. Мен акысыз сынакта күчтүү абитуриенттер арасында тандоодон өтүп, окууга тапшыруу иштерин баштадым. Тандоодон өткөндөн кийин биз атаандаш болууну токтотуп, жакын дос болуп калдык. Жай башталгандан тарта экзамендерге кызуу даярдык башталды. Бул сынактардан өтүү оңой болгон жок. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандан кийин, биз ЖОЖдорго тапшыра баштадык.
— Сынактардан өтүү көпчүлүк үчүн оңойго турбайт. Сиз үчүн кандай болду?
— Сынактарга даярдануу үчүн көп убакыт, уйкусуз түндөр гана эмес, көптөгөн ой-санаалар кетти. Баардык процесс тажрыйбанын жоктугу жана мектептеги жакшы бааларды кармап туруу зарылдыгынан улам келип чыгат. Анткени, мектептен алган баалар ЖОЖдорго тапшырууда дагы чоң роль ойнойт. Мен өз алдынча дагы, тайпада дагы даярдык көрдүм. Окуу борборунда он сааттап даярданып, үйгө тамактануу жана бир аз эс алып алуу үчүн гана келген күндөр болду. Мен үчүн бул аралыкта “убакыт – биздин негизги душманыбыз болуп жатты”. Даярдык кудум марафон сыяктуу сезилип, андан калып калбоо сезими менен жашап жаттым. Мен TOEFL жана SAT сынактарын тапшырдым. Натыйжалар жакшы болуп чыкты: TOEFL — 100 жана SAT – 1340 упай алдым. Албетте, сынактын жыйынтыктары чыккандан кийин, мындан дагы жогору упай алсам болмок эле деген ой келди.
— Мектебиңиз жөнүндө айтып берсеңиз. Сиз окуган мектепте сабактар кандай өтүлчү?
— Башталгыч класстан тарта окууну аяктаганга чейин №13 гимназия мектебинде билим алдым. Жалпысынан мектептеги сабактар мен үчүн жеңил эле болчу. Анткени, биздин класстын ынтымагы дагы буга чоң себеп болду десем болот. Классташтарым абдан ынтымактуубуз. Ар дайым бири – бирибизди колдоп окучубуз. Бизде атаандаштыктан дагы, достук алдыңкы орунда болду. Бул атмосфераны түзүүдө мугалимдерибиздин салымы чоң.
— Университеттен кийинки жашооңузду кандай элестетесиз?
— Университеттен кийин тажрыйба топтоо үчүн алдыңкы компанияларда стажировкадан өтүүнү максат кылам. Андан кийин өзүмдүн жеке стартап компаниямды түзүүгө аракет кылам деген кыялым, ниетим бар.
— Сиздин чет өлкөдө билим алам деген аракетиңизди ата-энеңиз, жакындарыңыз кандай кабыл алып жатышат?
— Башында ата-энемдин мени Орусияда билим алса деген ниети бар эле. Бирок, мен алыскы чет өлкөлөрдөгү ЖОЖдорго тапшырууну каалаганымда, алар каршы болушкан жок. Апам юридика илиминин кандидаты, атам жеке ишкер. Ал эми карындашым – көркөм талантын ээси. Негизинен, ата-энем мага иш-аракеттердин толук эркиндигин берет. Бардык аракеттеримде жана максаттарымда мени колдоп келет.
Чет өлкөлүк жети университетке окууга өткөн Адель тууралуу бул жерден окуңуз. Ал бизге сынактар жана аларды тапшыруу тууралуу өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Заманбап кесиптер тууралуу бул жерден тааныша аласыз.
Касиет Кубанычбек кызы