Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде эмгектенген Нургүл Абылкасымова 16 жылдан бери ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды “тигүүчү” кесибине үйрөтөт. Көп жылдык эмгек тажрыйбасы менен ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жумушсуз жарандарга көмөк көрсөтө алды. Бул лицейде окуган өзгөчө бүтүрүүчүлөр (ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген) эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге ээ болууда.
№43-кесиптик лицейдин «тигүүчү» кесибинде окушкан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү тайпасынын окуучулары Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95-жылдыгына арналган иш чарага карата «Каармандар сүйлөйт» аттуу класстык саат өткөрүштү. Класстык саатты лицейдин устаты Нургүл Абылкасымова уюштурду. Иш чаранын соңунда Нургүл Абылкасымова өзүнүн эмгек жолундагы тажрыйбасы жана өзгөчө окуучулар менен иштөөдөгү кызыктар жана кыйынчылыктар жөнүндө айта кетти.
“Мен №43 кесиптик лицейде 2007-жылдан бери “тигүүчү” кесибинин устаты болуп иштеп келем. Бул тайпа ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн ачылган. Көп жылдык эмгек тажрыйбамда ар кандай майыптыгы бар балдар менен иштештим. Окуткан окуучуларымдын арасында буту баспаган же бутуна протез кийген, сүйлөй албаган, талма оорулары барлар дагы болбой койгон жок. Бирок бул окуучулар бул жерге келгени көпчүлүккө аралашып, башка окуучулардан кем калбай лицейде өткөрүлгөн иш-чараларга, кароо-сынактарга катышып аракеттенишет. Мына ошонун натыйжасында өздөрүн өнүктүрө алышат. Ал эми бүгүнкү сабакта менин окуучуларым өндүрүштүк практикалык окутуу учурунда өздөрү тандап алган каармандарынын кийимдерин тигип аткарышты. Албетте, образдарын аткаруу үчүн кийген кийимдерин тигүү учурунда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок өздөрүнүн аракеттери менен тигип кийишти. Ошону менен бирге улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар жөнүндө таанып билишти. Себеби, образ жаратуу үчүн кие турган кийимдерди тигүүдө кинолорду көрүп каармандары жөнүндө аябай изденишти. Бул окуучулар өтө аракетчил, өжөр, жоопкерчиликтүү келишет. Кесиптик лицейде байма-бай өткөрүлгөн иш-чаралардын дагы таасири окуучуларды изденип, өздөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө. Бир жакшы жери, мен бул балдар менен иштешүүдөн рахат аламын, бирок балдардын түйшүгү өз алдынчалыкка үйрөтүү, кээде талма оорулары кармап калганда тарткан азаптар, ой-санаалар ден-соолугума таасирин тийгизбей койгон жок. Учурда кан басымым тез-тез көтөрүлүп турчу болду. Үй-бүлөм «иштебей эле кой» деп каршы болушат, бирок мен кудай алдында жасаган соопчулук иштерим болсун деп окуучуларымды кыйбаймын”.
«Биз лицейде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар коомдон обочодо калуу тобокелдигине кабылбоо үчүн атайы адистештирилген тайпаларды ачып кесипке үйрөтүүдөбүз. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар инклюзивдүү эмес чөйрө менен өз ара аракеттенүүдөн улам пайда болгон чектөөлөрдөн гана жапа чегишпейт. Алар элет жергесинде билим алуу, социалдык коргоо, медициналык жана реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөр өңдүү базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жетишсиздигинен да жапа чегиши мүмкүн», деп билдирет кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев.
Мындай балдардын институционалдашуусуна мындан ары да анализ жасоо талап кылынганы менен, үй-бүлөнүн колдоосу чектелүү болгонун, альтернативдүү жамааттык кызмат көрсөтүүлөр жана инклюзивдик билим берүү жетишсиз өнүкпөгөнүн белгилей кетүү зарыл. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга каршы стигма жана басмырлоо күчтүү, ал эми кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр чабал бойдон калып жатат. «Биздин лицей ошолордуу жоюу максатында болгон иш аракеттерди кылып, салымыбызды кошуудабыз. Биздин кесиптик лицейде жашаган бардык балдардын ичинен мына ушул ден-соолугунда кандайдыр бир маселе бар окуучулардын арасынан өзгөчө бир таланттуу балдар кездешүүдө. Бул окуучулар кесиптик лицейде билим алуу менен кошо эмгекке жөндөмдүүлүгү артылууда. Бизде окууну бүтүп кеткен окуучулардын ата-энелери тарабынан жакшы баа берилет. Алардын айтуусу боюнча биздин лицейде окуган балдарына кесиптик билим алуу менен жакшыраак кам көрүлүп, өз алдынчалыкка тарбияланышып, балдарыбыз коомго интеграциялана алат деп эсептешет», — деген оюн билдирди №43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев.
Турсун Омуралиева