16-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев мектептерге акысыз ЖРТга даярдык үчүн сынамык тест түшүндүрмөлөрү менен китептерди тапшырды.
Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиев китептин үстүндө 1 жылдан бери иштешип жатканын билдирди. «Китепти чыгарардын астында атайын адистерди топтоп, теорияга басым кылбай практика жүзүндө, ийгиликтерге жетишкен агай балдар менен биргиликте жазылган китеп. Бүгүнкү күндө Кочкор, Жумгал районуна жетиштүү китеп алып келдик. Китеп тестирлөө түрүндө жазылган, суроолорго жооп жок, бирок жооптор глобалдуу жолу менен жазылган түшүндүрмөлөрү менен берилген», — деп билдирди Эмил Жамгырчиев.
Канайым Жокенова, Мадина Жокенова