№43-кесиптик лицейде «Коопсуз-лицей» иш чарасы старт алды. Кесиптик лицей-окуучулардын убактысынын көбүн өткөрө турган жер, ошондуктан ал белгилүү талаптарга жооп бергендей болушу керек. Кесиптик лицей -кесипке үйрөтүп, сабак өтө турган имарат гана болбостон, ден соолукту сактоочу милдетин дагы аткарышы зарыл. Кесиптик лицейде зыяндуу таасирден алыс болгон, физикалык, акыл-парасаттык жана социалдык жетиштүүлүктү колдогон жер болушу керек.
Коопсуздук — бул билим берүүнүн эң маанилүү курам бөлүгү болуп эсептелет. Кесиптик лицейде окуган ар бир окуучунун ден соолукту коргоо жана коопсуздук көндүмдөрүн калыптандыруу керек.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев өз оюн төмөнкүчө билдирди:
«Биздин окуу жайдын системасынын алдында бир чоң милдет турат. Биз окутуучулар чапчаң, мобилдүү, өмүр бою окууга жөндөмдүү, өзүн өзү өнүктүрө ала турган жаштарды жашоо көндүмдөрүнө калыптандыруубуз керек. Биздин максатыбыз замандын талабына ылайык, улам өзгөрүп жаткан санариптик жашоодо, көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук жыргалчылыкты камсыз кылган инсандарды жарандык жана кесиптик ишке даярдоо. Окуучуларды кесипке окутууда ишмердүүлүк ыкмасын колдонуу керек. Азыркы жаштар билимди даяр түрүндө эмес, аны өзүнүн жеке аракети менен окуу-таанып-билүүчүлүк ишмердүүлүктүн натыйжасында кабыл ала алышат. Заманбап сабактар — бул азыркы мезгилдин талабына ылайык актуалдуу таасирдүү, баланын инсандык, анын ата-энесинин, коомдун, мамлекеттин түздөн түз кызыкчылыктарына тиешелүү сабак болууда»
Ал эми окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Чынара Алиеванын айтуусунда мугалим устаттар аталган иш чара боюнча класстык сааттарды өткөрүшмөкчү. Сабактын темасын ийгиликтүү өздөштүрүү үчүн окуучулардын курактык өзгөчөлүктөрүн аныктоо менен бирге окуучулар үчүн ар кайсы багыттага темалар каралды.
Турсун Омуралиева