Чет тилдерин үйрөнүү сиз колдонуп жаткан ыкмадан көз-каранды экени талашсыз. Сөз жаттап, грамматиканы билгениңиз менен ошол тилде түш жоруй турган деңгээлге жетүү кыйынга турат. kyrgyzmedia.kg бул жолу тил үйрөнүүгө арналган өзгөчө ымаларды тизмектеп чыкты. Сөзсүз өз тажрыйбаңыздан өткөрүп көрүңүз.
Чет тилдерди үйрөнүүнүн өзгөчө ыкмалары
Англиялык жазуучу Олдус Хаксли чет тилдерди уктап жатып үйрөнүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазган. Жазуучунун айтканын илимпоздор да далилдеген. Алар, уктап жаткан адамдын мээси жана эс тутуму өзгөчө иштээрин жана ага келген аудио маалыматты мээ эстеп калууга жөндөмдүү деп эептешет. Күнүбүздө, заманбап технологиялар бул ыкманы иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Ал үчүн болгону уктоочу бөлмөнү даярдоо керек. Бөлмөгө ыңгайлуу температураны жана нымдуулукту орнотосуз. Мындан соң, кулактыктын жардамы менен тил үйрөткөн аудиону угуп баштаңыз. Көзүңүзгө оромол тагып, уктоого аракет кылыңыз. Youtube сыяктуу социалдык тармактарда ондогон аудиолорду таба аласыз.
Азыр биз жашап жаткан доорду мобилдик телефон, социалдык тармактар, смайликтерсиз элестетүү кыйын. Бирок, бул нерселер айрым учурда адамды чарчатып жиберет. Сиз дагы “тил үйрөнгүм келет, бирок эч кандай жаңы технологиянын жардамысыз” деген принципте болсоңуз, алдыдагы ыкма сиз үчүн! Анда колуңузга калем жана дептер камдап, алгачкы кадамды таштаңыз.
Сиз колго чет тилде кат жазуу менен мээ жана сезимди бирдей башкарууну, ойлонууну ишке ашыра аласыз. Чет тилде кат жазып жатып, адамдын мээси ошол тилде ой жүгүртүүгө аракет кыла баштайт.
Күлгөн жоксузбу? Ооба, көпчүлүк адамдар тил үйрөнүү үчүн сөзсүз окуу борборуна баруу же тил ийримдерине катышуу керек дешет. Бирок, бул жаңылыштык. Тил үйрөнүп жаткан адам, тамак жасап жатып же жолдо кетип бара жатып дагы жаңы нерселерди өздөштүрө алат. Анда, ашканада чет тилин үйрөнүүгө токтололу.
Даамдуу тамактарды жасоону каалаган адамдар сөзсүз түрдө ар түрдүү рецептилерди издешет. Социалдык тармактарда да жаңы рецептилерди издеп жатып, чет тилин колдонуңуз. Бул ыкма сизге угуу, тушүнүүнү гана эмес, сөз байлыгыңызды да кыйла толуктайт.
Бүгүнкү күндө тамак бышыруу эң популярдуу хобби. Өзүңүз жакшы көргөн ишиңизди жасап жатып тил үйрөнүү андан да жогорку ырахат тартуулайт. Анткени, бул эки коенду бир ок менен атканга барабар эмеспи.
Эгер кимдир бирөө өзү менен сүйлөшүп жатса, бул анын акылы жайында эмес дегенди билдирбейт. Демек, ал чет тилин үйрөнүп жаткан болушу мүмкүн.
Тил практикасы — сөзсүз түрдө ошол тилди алып жүргөн адамдар менен баарлашууну билдирбейт. Албетте, ал ыкма эң натыйжалуу. Бирок, бардыгыбызда эле андай мүмкүнчүлүк болбойт. Андыктан, өзүңүз менен сүйлөшүп тилиңизди байытып, грамматиканы кайталап турсаңыз болот. Эң башкысы, чындыгында эле чет тилде бир нерсе айтсаңыз болот. Сүйүктүү кинолоруңуз же ток-шоуларыңыз сыяктуу монологдорду же диалогдорду «сахналаштыра» аласыз. Муну менен, мүмкүн болушунча көбүрөөк сүйлөөгө, лексикаңызды туура пайдаланууга болот.
Бул ыкма маалыматты жаттоого негизделген жана «эмоционалдык сүрөт» деп аталат. Адам сүрөт тартканда визуалдык жана эмоционалдык эс тутумду колдонот. Чет тилдеги жаңы сөздөрдү айрым сүрөттөр менен тартып, аларды бири-бирине байланыштырып,тезирээк жаттап алсаңыз болот.
Методиканын авторлору үйрөнүшү керек болгон чет элдик сөздүн маанисине көңүл буруп, образын тартууга кеңеш беришет. Баса, бул үчүн сүрөт тартууга жөндөмү болушу абзел эмес.
Керектүү! Англис тилин өздөштүрүүгө акысыз ресурстар
Орус тилин онлайн жана акысыз үйрөнүңүз
Орус тилин канчалык деңгээлде билесиз?
Бекзада Муратбекова: Азыркы жашоом бала кездеги кыялдарым болчу
Касиет Кубанычбек кызы