Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Дилбар Кулчаева он жылдан бери шырдак жасап эмгектенет. Ал бир шырдакты он миң сомдон сатат.
Уз-чебер Кулчаева шырдак жасоо көп мээнетти талап кылаарын айтат.
— Мен шырдак жасоодон сырткары машина тигем, төшөк кураштырып сатыкка коём. Шырдакты жасоодо койду кыркып, кылы жок найн жүндөрүн алабыз. Аларды тазалоодо өзүмдүн апам жардам берет, ыскытын басканда дагы апам жардам берет. Ыскыттын баары колго жасалган, дүкөндөн албайбыз. Бир жылда жок дегенде бир шырдакты бүтүргөнгө аракет кылам. Бир шырдактын баасы 10 миңден. Бул аябагандай көп мээнетти талап кылат, түйшүгү аябай күч. Күзүндө койлор кыркылат, көбүнчө күзгү жүн колдонулат, жазгы жүндөр деле колдонулат. Бир шырдакка ичи-сырты болуп 15 килограммдай жүн кетет. Айыл ичинен табыштаманы көп деле беришпейт. Жасап койгондон кийин даярын алышат. Шырдак жасай баштаганыма 10 жылдай болуп калды, андан бери ондон ашуун шырдактарды жасадым.



Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы
Конкурс үчүн