Түп районундагы бул жайлоо кооздугу менен эс алуучуларды өзүнө тартып келет. Эс алып келгендердин көпчүлүгү шаар тургундары.
Жайлоого келип, кымыз ичип, таза абада дем алып, өз ден-соолуктарына кам көрүп жатышкандыгын айтышууда.
Балалык кезинин көпчүлүк бөлүгүн ушул жайлоодо өткөргөн Жанара Чакарбаева төмөндөгүлөрдү айтты.
“Бул жакка эс алып жылына эле келишет. Мен бул жайлоодо чоңойгом. Бирок, азыр башка жакта жолдошум менен турам. Менин ата-энем жайы-кышы бул жакта турганына байланыштуу, биз ар дайым келип турабыз. Өзгөчө жай мезгилинде жайлоо ого бетер көркүнө келип, кооз болот. Быйыл да эс алуучулар көп экен”, — деди Чакарбаева.
Ден-соолугун чыңдоо максатында эс алып келген шаар тургуну Таалайкүл Кубатова Чоң Бет кооз жер экендигин айтат.
“Шаарда өзгөчө техника көп болгондуктан ден-соолугубузга зыян келип калат. Ошол себептен бул жакка бир аз да болсо таза абада дем алып, кымыз ичип, ден-соолугубузга кам көрүүнү туура көрдүк. Абдан кооз жер экен. Мага бул Чоң Бет кичине болсо да, өзүнүн тазалыгы, жаратылышынын кооздугу менен жакты”, — дейт Кубатова.
Даярдаган: Муктар кызы Майрамкүл
Редактор: Адилия Мундукова
Сынак үчүн