
Кара-Талаа айылына абрикос сатып алуучулар келишип элден түшүмдөрүн алышууда. Ушул тууралуу айыл башы Ашымов Тынчтыкбек агабыздан сураганыбызда абрикос алуучулар жана продукциянын сапаты тууралуу кабарчыбыз Үмүтай Аттокуровага кызыктуу маек куруп берди:

Абрикостун пайдасы өтө көп, элдин жылда күткөнү абрикос болуп эсептелет. Кошумча киреше катары пайдаланышат . балдарын мекткепке даярдашат . Бул өрүк Улахол айыл аймагындагы 3 айылдын эң негизги кирешеси катары эсептелет. Өзгөчө быйыл башка жактарда болгон табигат кырсыгынан жана абрикос аз болгондугунун себебинен улам бизде көп болду. Жана ошондой эле кардарлар дагы көп келишүүдө. Биз менен иштешкен фирма дагы бизге чоң жардам берди. Эгерде бул балдар балким келбегенде абрикос бышып кетсе элдин түшүмү дагы баа болбой калмак. Ошондуктан бул фирмага айыл элдери дагы өтө чоң ыраазычылыктарын айтып жатышат. Баасын стабилдүү кармап беришүүдө, бул өтө чоң жетишкендик деп ойлойбуз. Мурдагы жылдары ушул убактарда абрикостун баасы төмөн болчу , быйыл жакшы баада айыл элдери абрикосторун өткөрүшүүдө. Жогоруда айтылган фирма менен дагы быйыл эле иштешип калдык. Элдер продукцияны жакшы өткөрүп беришсе, жылда иштешкенге даяр. Бул балдардын иштерине ийгилик каалайбыз. Алынып жаткан абрикостун сапаты жакшы, көп байлагандыктан майдаарак. Майдасына карабай ушул фирма абрикосту жакшы алып берип жаткандыгына ыраазыбыз. Барган жеринде жакшы өтүп кетсин деген эле тилегибиз.
«

Абрикос алып иштеп жаткан Жээнбаева Нургүл өз оюн билдирди:

Жумуш быйыл жакшы жүрүүдө , мурдагы жылга караганда баасы дагы жогору.. Башка жактан келген алуучулар дагы жакшы алып жатышат.Продукция таза жана сапаттуу.
Биз кабарчыбыз Наргиз менен бирге фирмадагыларга жана жумушчулардын иштерине ийгилик каалап кайттык.
Даярдагандар : Нурлан кызы Наргиза
Аттокурова Үмүтай