Ишкер айым Мукадас Ибрагимова Үч-Коргон айылында тигүү цехин ачып, тогуздан ашык аялды жумуш менен камсыздаган. Тигүү цехин ачканына жети жылдын жүзү болду.
Чакан цех ишке киргизилгенден бери көптөгөн шакирттерди даярдап чыгарган. Бул жерде тигилген кийимдерге бир гана Үч-Коргон айылнда эмес, алыскы Ноокат, Ош, Кара-Суу шаарларынан да кардарлар келишип буйрутмаларды берип кетишет.

“Мен жаш экениме карабастан кичине кезимден тигүүгө өтө кызыкчумун. Чоңойсом дизайнер болом деген максаттарым болгон, тилекке каршы, ишке ашпай калды. Тигүү цехин ачып жаш кыздарга өзүмдүн билгендеримди үйрөтүп келүүдөмүн”, — дейт ишкер айым Мукадас Ибрагимова.
Аталган тигүү цехинде тогуздан ашык кыз-келин эмгектенишип келишүүдө. Айлык маяналары тигилген кийимдердин сатылышына жана түшкөн кирешеге жараша төлөнүп берилет.
Дилнура аталган тигүү цехинде үч-жылдан бери иштеп келүүдө. Айтымында, тандаган кесиби өзүнө жагат. Келечекте өз алдынча чөң тигүү цехин ачып айылдын өнүгүүсүнө, аялдарды кошумча жумуш менен камсыздоого салым коошуу максаты бар экендигин билдирди.
Которгон: Сабыр у Шумкарбек