Айыл аймактарда айыл өкмөт башчысынан сырткары, ар бир айылдын башчысы эл менен тыгыз байланышта иштөөсү керек. Анткени айыл башчысын эл өзү шайлап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Чоң- Кемин айыл аймагынын Төрткүл жана Шабдан айылдарынын башчылары айылдардагы көйгөйлөр, ийгиликтер жана маселелер менен бөлүштү.
Түз эфирде Чоң- Кемин районунун Төрткүл айылынын башчысы Сарылканов Султан жана Шабдан айылынын башчысы Жаныбек Турсуналиев болушту. Айыл башчылары мөөнөтсүз шайланат жана айыл башчылар үчүн азыр катуу талап коюлганын, жогорку билим болуусу шарт экенин айтып өтүштү. Андан тышкары айыл башчылары ар бир айылдагы маселени карап чыгып, айыл өкмөт башчысына жеткирип берүү экендигин, учурда ар бир айыл тургуну айыл башчынын ишин катуу көзөмөлдөйт, эгер иштей албаса дароо нааразычылык билдирет деди.
Андан тышкары ар бир айыл башчы өз айылында жасалган иштер, айыл чарба, жер айдоо жана социалдык маселелерге токтолушту.
Даярдаган: Гульзат Байгазинова