Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Көк Бөрү оюну уюштурулган. Ал оюнга 5 айылдын командалары катышып, Кызыл-Жылдыз айылынын «Салбар-Ата» командасы 1-орунду, 2-орунду Хутор-Акталаа, 3-орунду Куланак айылынын улакчылары алышты.
Бул тууралуу айыл тургуну Имабидин Сагынбаев буларга токтолду:
«Көк бөрү оюну абдан жакшы деңгээлде болду деп ойлойм. Бардык айылдын командалары бири-бирине тең тайлашып, абдан жакшы оюн көргөзүштү. Элдин ынтымагы үчүн деп ушундай спорттук мелдештерди уюштуруп жаткан жаштарга ыраазычылык билдирет элем. Жана ушундай оюндар көп-көп болуп турушун каалайбыз.»
«Кара-Чий айылынын улакчылар командасы, жаштары, Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына деп шерине оюн башташыптыр. Биз ошол оюнга катышканы келдик. Тилекке каршы биздин команда орун ээлебей калдык, бирок жакшы оюн көрсөттүк деп ойлойм. Оюндар абдан жакшы өттү десем жаңылышпайм.»-дейт 8-март айылынан келген Жакшылык Эсек уулу.
Эскерте кетсек, Көк бөрү оюну беш айылдын ортосунда дагы көп жолу өтөөрүн маалымдашты.
Даярдаган: Шаршенбек Акматов