Чычырканак- тоолуу райондордо суу бойлорунда, шагылдарда, токой тилкелеринде, Ысык-Көл өрөөнүндө, Нарын дарыясынын куймаларында кезигип, топ-топ болуп өскөн бадал өсүмдүк.
Чычырканактын ашын суук түшкөндөн кийин кеч күздө же кыш башталганда жыйналат. Бутактарда тоңуп калган ашын бадалдын астына төшөмөл жайып күбүп жыйнап алышат.
Химиялык составы…..
Мөмөсү Е, С, В1, В2 витаминдери, фолий кислотасы, каротиноиддери, канттуу ачыткыч заттары, органикалык кислоталарга бай. Ал эми жаш бутакчалары коркунучтуу шишик ооруларына каршы активдүлүгү бар экенин эксперименттик изилдөөлөр көрсөткөн.
Чычырканак ашказан ооруларына жакшы таасир берет
Медицинада колдонулушу…
Чычырканактын майы рентген нурларынын кесепетинен жабыркаган теринин жараттарын айыктыруу жана оору күчүн басылтуучу каражат катары пайдаланылат; гинекология практикасында жатын моюнчаларынын кольпит,эрозия ооруларына чалдыкканда; ашказандын жаратын жана авитаминоз ооруларын даарылоодо кеңири колдонулат.
Чычырканактын майы даяр түрүндө дарыканаларда сатылат. Кызыл өңгөчтө рак оорусунда өткөрүлгөн рентген терапиядан кийин, чычырканактын майын ичүүнү врач белгилейт. Анда чычырканактын майын 0,5 аш кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичиш керек.
Чычырканактын майы дарыканаларда сатылат
Элдик медицинада…
Элдик медицинада чычырканактын жалбырактарынын суудагы кайнатма тундурмасы подагра жана ревматизм оорусунда колдонулат. Анын майын үй шартында дагы жасап алып, теридеги жаратты дарылоодо колдонсо болот.
Бекбоо кызы Жылдыз, Токтобаева Айтурган