Covid-19 илдетинен айыгып чыккан дүйнөдөгү миллиондогон киши бир нече айдан кийин деле кадимки жай турмушуна кайтып келе албай жаткандыгы интернет булактарынан белгилүү. Мындай абал боюнча COVID-19 менен ооруп, айыккан жарандар үчүн Сүлүктү шаардык ооруканасынын врачтары чукул билдирүү таркатат.
Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директорунун орун басары Абдупатта Самадов төмөнкүдөй билдирет:
”Covid-19 илдетинен айыгып чыккан кээ бир жарандар бир нече айдан кийин деле кадимки жай турмушуна кайтып келе албай жатат. Кээ биринде дем кыстыгуу, алсыроо, даам сезбөө жана жыт билбөө сыяктуу кесепеттер кала берүүдө. Covid-19 дан кийинки синдром өзгөчө жашы улгайган жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн кооптуу. Айтор кандай гана киши болбосун ооруп, толук айыгып чыкканы менен дээрлик бир жыл бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу керек.
Хирургия бөлүмүнүн башчысы Акбарали Кучаров:
«Коронавирус өнөкөт оорусу бар кишилер үчүн кооптуу экени белгилүү болгон. Аларда аутоиммундук реакция (организм чочун вирус менен күрөшүүнүн ордуна өзүнүн ден сак клеткаларына чабуулга өтөт) башталып кетиши мүмкүн.
Ошондуктан, бардык өлкөлөрдө өпкөнүн өнөкөт оорудан жабыркап жүргөндөрдү, жүрөк, кан-тамыр, кант диабет илдети менен ооругандарды биринчилерден эмдөөдөн өткөрүү сунушталууда. Бирок эмделерден мурун мындай кишилер милдеттүү түрдө дарыгерлердин кеңешин алуусу зарыл», — деп маалымат берди.
Бакытбек Сапаркулов