Чүй облусунун Сокулук районунун Исмаил айылынын тургуну Сарбашова Нагира Казакстан Республикасынын Нур — Султан шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышып келди.
Сарбашова Нагира 1989 — жылы 5 апрелде Кызыл — Туу айылында төрөлгөн. Күрөш менен 14 жашынан баштап, машыгып келет. Карьерасын Дзюдо менен баштап, андан соң Алыш бел боо күрөшү менен машыгып байгелүү орундарды алып келет. Нур — Султан шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү орунду багындырды.
«Алыш бел боо боюнча күрөш оңойго турган жок. Беларусь жана Грузия өлкөлөрүнөн келген спортчу айымдарды утуп, үчүнчү орунду алдым», — деп билдирди Сарбашова Нагира. Учурда Кызыл — Туу айылынын Саадаш Абдылдава атындагы орто мектепте дене тарбия сабагынан мугалим болуп эмгектенүүдө. Сарбашова Нагира бир уулдун ардактуу апасы.
Даярдаган: Джолчубекова Айдай