Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагынын айыл тургундары арасында оору-сыркоо тууралуу дарыгерлердин берген маалыматына караганда айылда пневмония оорусу күч алууда.
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Восточное айылында “Гиппократ” ОсОО медициналык борборунун алкагында ачылган “Аль-Хулейфий” медициналык борбору бар.
Медициналык борбордун имараты айыл тургундарынын арасындагы демөөрчүлөрүнүн колдоосу аркылуу курулган. Айыл элинин саламаттыгы боюнча аталган медициналык борбордун дарыгери Рустам Ридванов төмөнкүчө маалымат берди:
«Айыл тургундары арасында пневмония оорусу көбөйдү. Мага көрүнгөнү келген оорулуулардан күнүнө 5 же 6 киши пневмония оорусуна чалдыккандар. Ооругандардын көпчүлүгү орто жаш 25-50 жаш курактагы адамдар. Алардын бирөө дагы ковидге каршы вакцина алышкан эмес. Себеби бул курактагы адамдар иштеген коомдук транспортто, эл көп чогулган жайда көп жүрө турган адамдар. Ал эми улгайган адамдардын көпчүлугү кышында үйдө олтурушат эмеспи. Ошондуктан ал курактагы адамдарда бул оору сейрек кездешүүдө деп ойлоймун. Мага көпчүлүгү оору өтүшүп кеткенде кайрылып жатышат.
Пневмония бул — өпкөнүн оорусу. Өпкөнүн сезгениши өпкөнүн инфекция пайда кылуучу өз алдынча же башка дарттардын кабылдоосу катары пайда болуучу оорусу.»
Турсун Омуралиева