Азыркы убакта Суусамыр айыл аймагында көбүнчө сасык тумоо оорусу жүрүп жаткандыгын Суусамыр аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова билдирди.
«Бизде азыркы учурда Суусамыр айыл аймагы боюнча ооруканада абал туруктуу. Айылда сасык тумоо менен ооругандар көбөйдү. Ооруп кайрылгандардын арасында жаш балдар көп болууда. Андан тышкары дагы Ковид менен ооругандар дагы катталууда. Учурда дары-дармек жагы жетиштүү.
Ооруканада кызыл зонаны жакында ачканы турабыз. Азыр күндүзгү стационар иштеп жатат. Бейтаптар келип ийне сайдырып кетип жатышат. Азыркы убакта өтө оор абалда оорулуулар жок. Өтө оор абалда бейтаптарды райондук ооруканага жөнөтөбүз. Эми омикрон штаммына дагы даярдыктар көрүлуп, жарандарга түшүндүрүү иштери жургүзүлүүдө.
Андан тышкары Ковид-19 оорусуна каршы эмдөө дагы жүрүп жатат. Айыл элин эмдөөдөн өтүүсүн суранат элек. Мурункуга караганда эмдөөн өткөндөрдүн саны өсүүдө. Бул дагы болсо адамдардын эмдөөгө болгон ойлору өзгөргөндүгүнүн натыйжасы болууда. Жарандарды өз убагында дарыгерлерге кайрылгыла демекчимин.
Анткени өз алдынча дарылануу коркунучтуу болуп жатат. Жакынкы күндөрдөн бери эмдөөнүн 3чү дозасы сайылууда. Көпчүлүк жерлерге зарыл болбосо чыкпай турууну сунуш кылат элем. Санитардык эрежелерди туура сактагыла демекчимин», — дейт дарыгер.
Суусамыр: Сасык тумоо менен ооруган балдар көбөйүүдө
Азиза Тамчиева