Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп, ооругандардын саны күн сайын өсүп жатат. Адистердин айтуусу боюнча Ковид-19 вирусунун 4-толкуну башталды. Ооругандардын көпчүлүгү Бишкек шаарына туура келет. Ал эми Кочкор районунда бүгүнкү күндөгү эпидемиологиялык абал тууралуу дарыгерге кайрылып, керектүү маалыматтарды алдык.
Кочкор районундагы № 1 «Келечек» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Жаналиева Гүлмира Бейшебаевна биздин суроолорубузга жооп берип, маалыматтар менен бөлүштү.
Үй-бүлөлүк дарыгер- Гүлмира Жаналиева
«Азыркы учурда Кочкор районунда ооругандар көп эле болуп жатат, бирок абал көзөмөлдө. Былтыркыга салыштырмалуу оорунун клиникасы азырынча так болбой жатат. Ооругандар балдардын жана чоңдордун арасында да бар. Көбүнчө ооруну мектептен жуктуруп атышат, балдар болсо үйүндөгүлөргө жугузушат.
Декабрь айынын ичинде наристелер көп ооруду, дээрлик бардыгы пневмония болушту. Ооруканага батпай калып жатышты. Тилекке каршы, ооруп айыккан балдар кайра эле ооруп калып жатышат. Ооругандардын көбөйүп жатканын келген бейтаптардын агымынан билсек болот. Эң биринчиден бул оору адамдын өнөкөт оорусун козгойт.
Мисалы, жүрөк оорусу болсо же кан басымы жогору болсо, аларга коркунуч жаралат. Бейтаптарга суюктукту көп ичкиле деп сунуштайт элем. Ал эми Ковид-19 вирусунан сактануунун эң эффективдүү жолу-бул вакцина алуу. Калктын 70-80 % катмары эмдөөдөн өтмөйүнчө бул вирус жүрө берет. Ошондуктан бардыгыңыздарды вакцина алууга чакырып кетем».
Дарыгер жана медайым иш үстүндө
Ишемби күнгө карабай дарыгерге кезек күткөндөр арбын
Исабек Замир уулу