Ковид-19 илдетинен улам адамдардын өмүрүн сактап калуу, дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү жана коронавирустун жаңы варианттарынын пайда болуу коркунучун токтотуу үчүн адистер эмдөөдөн өтүү керектигин айтып келет. Учурда өлкөдө 53% биринчи доза, 43% экинчи дозада эмдөөдөн өттү.
Дарыгер иммунолог Гульзат Диканбаева учурда өлкөгө жетиштүү өлчөмдө вакцина алынып келгенин белгилеп, Кыргызстандыктар Спутник V, Спутник-Лайт, AstraZeneca, Pfizer, Moderna, вакциналары менен эмделип жатканын билдирди. Деген менен коллективдик иммунитетке жете элекпиз:
“Биздин эл ковидге каршы вакцинаны ушундай ылдам жасап койгонуна ишене албай күмөн санап вакцина албай жатышты. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кеткенден кийин. Вакцина алганы келгендердин саны өскөнү байкалды. Ал эми бул тез даяр болгону болсо, учурдагы илим менен техниканын жетишкени. Бул оору бүт дүйнө жүзүнө жайылып тынчын алып жатканы үчүн окумуштуулар биргелешип инвестицияны салып вакцинаны жасап, жасалап жатканда эле клиникалык сыноолорду өткөрүп жатты. Бардык вакциналар колдонууга берилерден мурда сөзсүз түрдө 2 жолку сыноодон өтүп, биринчиси жаныбарларда экинчиси адамдарда сыналгандан кийин гана колдонууга коопсуз деп уруксат берилгенден кийин өзгөчө кырдаалдарда колдонуучу дары дармектердин тизмесине кирип таратылып баштады. Ошондуктан бизге келген вакциналар дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун уруксаты менен гана колдонулуп жатат.”
Гульзат Диканбаеванын айтымында жалпысынан вакциналардын кайсы гана түрү болбосун коопсуз чочулаганга негиз жок. Чет өлкөгө чыгарда гана кайсыл өлкө кайсы вакцина алууну талап кылганын эске алуу керек. Вакциналардын өзгөчөлүгү туурасында бул жерден окусаңыз болот. “Спутник Лайт” вакцинасын бир ирет гана алуу жетиштүү , Алыскы чет өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасы таанылат. Учурда акыркы алынып келген Pfizer, Moderna вакциналары 95% эффективдүү деп саналат:
“Эң алгач вакцина алгандар учурда 2-жолу кайталап алганга убактылары келип калды. Алар мурда кандай гана вакцина менен эмдөөдөн өткөн болсо азыр Pfizer, Moderna алууну сунуштайбыз. Аталган вакцинадан кийин адамга иммунитет 7 күн ичинде иштелип чыгат. Спутник Лайт 14 күндөн кийин, Синофарм 21 күндөн кийин иммунитет иштеп чыгат. Андыктан 2 дозаны алгандан кийин деле мурдакыдай санитардык эрежелерди сактап жүрүү зарыл.”
Вакцинасыз ковидди жеңүү мүмкүн эмес
Коронавирустун жаңы штаммы Омикрон 63 өлкөгө тарады
Айгерим Кубатбекова