Окумуштуулар вакциналар эмделген адамды канчага чейин коргой турганын так айта алышпайт. Бирок алардын айтымында башкаларга караганда эмдөөдөн эртерээк өткөн адамдар вирустан бери дегенде бир нече ай корголуп жүргөнү клиникалык сыноолордун жүрүшүндө белгилүү болгонун билдиришет.
Сокулук районундагы Жаңы-Жер айыл аймактык оруканасынын жетекчиси Шухрат Тажибаевдин айтуусу боюнча:
“Бул эс тутумунун реакциялары, адамда айлануучу антителолор жок болсо дагы, вируска туш болгондо тез реакция жасап, ооруп калуудан сактануу мүмкүнчүлүгүн берет. Иммундук системаны чыңдоо жана коргоо мөөнөтүн узартуу үчүн адамдарга мезгил-мезгили менен кошумча эмдөө жүргүзүлүп турушу керек.
Ошондой эле учурда министрлик билдирүүүсү бонча, Кыргызстанда колдонулуп жаткан Sinopharm вакцинасы 80 пайыз, ал эми «Спутник V» 95 пайыз эффективдүү экенин белгилеген. Андыктан калктын 70 пайызы эмделип иммунитет иштелип чыкмайынча бир дагы вакцина вирустан 100 пайызга коргой албай турганы айтылды.
Чындыгын айтканда жадагалса жакында эле вакцина алган адам вирусу бар киши менен байланышса өнөкөт жана курч оорулардын өрчүп кетүү коркунучу бар. Ошол эле учурда вакцинация ооруну жуктурууга эле эмес, инфекциянын оор формасына өтүп кетишине бөгөт коёт.
Вакцина алгандан кийин да COVID-19 менен оругандар катталууда, бирок андай учур бизде чанда гана кездешет. Бул туурасында мен адамдарга деле айтып келем. Бирок эмделген жарандар ооруп калса дартты жеңил көтөрө турганы медицинада аныкталган.”
Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын маалымат каналынын берген маалыматы боюнча;
💉 2021-жылдын 27 -декабрь карата эмдөө боюнча маалымат: Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 844 адам өттү, анын ичинен 356 биринчи дозаны, 488 адам экинчи дозаны алган.
Жалпы эмдөөдөн өткөн:
✅ 1 доза — 1 214 169;
✅ 2 доза — 1 000 438.
Турсун Омуралиева