Кышында айрым адамдар тез-тез ооруп, иммунитети төмөндөп кетет. Бул организмди кышка даярдабагандан келип чыгат. Кээ бири муздакка карабай жука, жеңил кийинип алышса, айрымдар өтө калың кийинип алышат. Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева кыш мезгилинде кантип организмге туура кам көрүү керектигине токтолот.
Кыш мезгилине даярдык ал келе электе эрте башталышы керек. Даярдык көрбөсө адамдын иммунитети төмөн болуп ар түрдүү сасык тумоодон баштап, суук тийүү сыяктуу ооруларга чалдыгып дагы да иммунитеттин түшүүсү күтүлөт.
- Суук адам организмине кандай таасир этет?
Негизи адамдын организми уникалдуу, акылдуу болуп эсептелет. Өзүнүн биохимиялык реакцияларын жана бүтүндөй организмде болгон биоритмдердин ылдамдыгын жай иштетип баштайт. Анын себеби организмди кышка адаптациялоо (көндүрүү) болуп эсептелет. Ошондуктан бул учурда организмге жардам берүү зарыл.
- Кандай кылып жардам беребиз?
Мисалы: туура тамактануу керек, уйку бул дагы организмдин иммунитетин көтөрүүдө салым кошот. Ошондой эле түрдүү витаминдердин жетишсиздиги дагы иммунитеттин төмөндөөсүн камсыздайт. Физикалык активдүүлүк дагы маанилүү. Кыймыл бул жашоо. Андыктан кыш мезгилинде сырттагы жумуштар азайып калганына карабастан физикалык көнүгүүлөрдү жасоо зарыл. Кыймылдагы адамдын дени сак болорун унутпаңыз. Ошондой эле кышында көп учурда бөлмөнү жылытып алып үйдө отургандыктан бөлмөнү тез-тезден желдетип, өпкөгө таза аба баруусуна шарт түзүү керек. Эң жок дегенде бир маал сыртта сейилдөө зарыл.
- Витаминдердин ден-соолука тийгизген таасири
Күн жылуу мезгилде ар кандай жемиштер көп. Ошондуктан эрте эле кышка организмди даярдып түрдүү витаминдерге бай азыктарды колдонуу керек. Биздин организмге керектүү витаминде:
А-витамини. Бул иммунитеттин жогорулашын жана көздүн көрүүсүн жакшыртат.
Д-витамини. Эгер адам организминде Д витамини жок болсо, адамдын кышында муундары, сөөктөрү суукка какшап оорушу мүмкүн. Бул адамга кальций жетишпегенден. Аэ эми кальцийдин сиңүүсүн витамин Д камсыздайт.
Антиоксидант витаминдер- буга лимон чай, түрдүү кыямдар кирет. Алар адамдагы боло турган зыяндуу нерсенин баарын организмден чыгарат. Ошондуктан антиоксиданттарды толуктоо зарыл.
Б группасындагы витаминдер- эгер адамда аталган витамин бар болсо, иммунитет жогоруу болуп, адам энергиялуу болот. Ал эми жок болсо чарчагансып, эч нерсеге көңүлү келбей, унутчаак болуусуна алып келет. Ушул сыяктуу эле көптөгөн витаминдер бар эгер алар менен организмди убагында булар менен толуктабаса кыш мезгилинде чарчаңкы, алы кеткенсип турат. Андыктан витаминдер менен толуктоо зарыл.
- Мезгилге жараша кийинүү маанилүү
Кээ бир адамдар эшиктеги муздакка карабай өтө жука кийинип алса, айрымдары өтө калың кийинип алышат. Жаштардын көчөдө жеңил кийинип, баш кийим кийбей жүргөнү эң биричи суук тийүүгө алып келет. Кыш мезгилинде бут кийимге дагы өзгөчө маани берип жылуу кийүү зарыл. Буттан суук тийгенде бөйрөк, табарсык ооруларына алып келет. Ошондой эле организмдин муздоосу турдүү ооруларга туруштук бербей көп ооруга чалдыгуу коркунучу бар. Баш кийим кийбей жүрүүдө чачтын түшүүсү, бузулушу күтүлөт. Ал эми тескерисинче өтө калың кийинип алган адамдар дагы бар. Бул эмнеси менен зыян? Калың кийинип алган адам жакшы кыймылдай албай калат. Ал эми кыймыл болгондо жылуулук бөлүнүп чыгарын билебиз. Ошондуктан калың кйинип алып кыймыл аз болсо кайрадан муздашы мүмкүн. Же өтө калың кийинип алган адам тердеп мындан улам дагы муздап кетүүсү ыктымал. Андыктан аба ырайына жараша кийинүү өтө маанилүү.
Иммунитетти кантип бекемдөө керек?
Вакцинасыз ковидди жеңүү мүмкүн эмес
Коронавирустун жаңы штаммы Омикрон 63 өлкөгө тарады