Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде пандемияга байланыштуу жаңы жылдык иш- чаралар өткөрүлбөйт.

Гүлү Касымалиева
Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Гүлү Касымалиева жаңы жылдык балаты боюнча төмөнкүлөргө токтолду:
«Нарын райондук билим берүү мекемелеринде жаңы жылдык балатыны өткөрбөө боюнча буйрук келди. Бул буйрукка чейин эле Сovid 19га байланыштуу мектепте жаңы жылдык иш-чараларын токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жаткан. Бул буйруктун негизинде жаңы жылдык иш- чаралар өткөрүлбөйт жана бул тууралуу дагы ата -энелерге да маалыматтар берилди.»

Таазим Шайымкулова
Ал эми бул тууралуу 7-классынын окуучусу Таазим Шайымкулованын ою кандай:
«Негизи иш чаранын болбой койгону деле жакшы болду. Себеби, былтыркы пандемиядан аябай коркуп калдык. Азыр мектепке келип окуганыбызга сүйүнүп жатабыз. Эгерде жаңы жылдык иш- чаралар болуп, эл көп чогулса пандемия кайра башталышы мүмкүн.»

6-классынын окуучусу Баймырза Эсенгулов
«Жаңы жылдык кечелердин өтпөй калганы бир четинен жакшы болду. Себеби, биз көп убакытыбызды концертке даярданууга жумшачубуз. Азыр биз билимге гана умтулуп, убакытты туура, пайдалуу нерселерге жумшаганыбыз жакшы. Мен азыр онлайн курстарга катышып, чет тилдерин үйрөтүп жатам жана сабактан кийин ден соолугумду чыңдоо максатында күрөшкө катышам»,-дейт Баймырза.

6-классынын окуучусу Нурислам Керимкулов
«Кечелердин өтпөгөнү биз үчүн жакшы деп эсептейм. Себеби, оору бир аз азайып биз мектептен билим ала баштаганыбызга аз эле убакыт болду. Эми кайрадан адамдарды чогултуп, оорунун жайылуусуна себеп болбошу керек. Биз мектептен эле окуп билим алгыбыз келет. Онлайн окууда көп эле артта калып калат экенбиз»,-дейт Нурислам.

Нураида Токтобекова
Жаңы жылды аябай күтүп кубанган 3- класстын окуучулары :
«Саламатсызбы менин атым Нураида. Мен 3 — класста окуйм жана жаңы жылды аябай жакшы көрөм. Тилекке каршы пандемияга байланыштуу жаңы жылдык кече өтпөй калганы аябай өкүнүчтүү. Мен Аяз ата, Аяз кыздан белек алгым келген, бирок covid 19 жугузуп аламбы деп корком.»

Касиет Турганбекова
«Жаңы жылдык кечени аябай күтүп жаткам, бирок пандемиядан улам болбой калды. Эгерде пандемия болбогондо баары жакшы болмок, Аяз атадан белек алмакпыз. Ата-энелерге концерт коюп, майрам тартууламакпыз.»
Мектепте майрамдык кечелер өткөрүлбөгөнү менен окуучулар үчүн жагымдуу маанай тартуулоо максатында залдар кооздолуп, сүрөттөргө түшүү үчүн атайын стенддер жасалды.
Акбермет Руслан кызы