Сокулук районундагы Жаңы-Жер аймагындагы Восточное (20-хутор) айылында №2 тогуз жылдык Жаңы-Жер орто мектеби бар. Бул 160 орундуу мектепте 371 окуучу өтө эле көптүк кылууда. Учурда окуучуларга окуу кабинеттеринин жетишпегендигинен 3 нөөмөттө окушат. Ошондуктан санитардык эрежелерди сактоо кыйынчылык жаратууда.
Быйылкы жылы окуу жылы башталганы санитардык-эпидемиологиялык талаптар мектептерде кандай аткарылууда?
Өзгөчө окуучулардын саны көп, эки үч нөөмөттө окуткан мектептердин администрациясы жана педагогдор эрежелерди туура сактоону катуу талап кылуудабы?
Бул тууралуу мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сүйүн Абдыбекова менен маек курдук.
«Быйылкы жылы окуу адаттагыдай башталганы менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, министрлик иштеп чыккан алгоритмди сактоого милдеттүүбүз. Себеби, оору бизден алыстап кеткен жок. Окуучулар үчүн кол жуучу раковина орнотулуп, жылуу менен камсыз кылдык. Ар бир окуу бөлмөсүнө жана мектептин кире бериш эшиктин жанына колду дезинфекциялоочу каражаттарды койгонбуз.
Окуучулардын ден-соолугуна класс жетекчилер тарабынан күн сайын көзөмөл жүргүзүлүп турат. Ар бир класстын окуучуларынын ден-соолугуна байкоо жүргүзүүнү биз класс жетекчилерге милдеттендиргенбиз. Алар күн сайын дене табын текшерип сабакка киргизип турушат.
Ал эми мектепте жеке эле мугалим эмес окуучуларга да катуу талаптар коюлган
Ар бир окуучунун жекече контейнери бар. Анын ичинде эки бет кап, антисептик жана нымдуу кол аарчы болушу керек. Бул каражаттарды ата-энелери даярдап салып бериш керек. Учурда бул мектепте ооруп сабакка келбей калган окуучулар жокко эсе. Ал эми мугалимдер жамааты толугу менен иш үстүндө», -деп жыйынтыктады Сүйүн Абдыбековна.
Турсун Омуралиева