Ден-соолук бул адам жашоосунун эң негизги аспектилеринин бири. Ошондуктан адамдардын ар кандай жалган маалыматтарга ишенбей дарыгерге кайрылуусу маданий жактан маанилүү. COVID-19 илдетине каршы эмдөө башталгандан бери айыл тургундары ар кандай маалыматтарга ишенип келишет. Бул илдетке чейин деле ар кандай жугуштуу оорулардын түрлөрүнө каршы эмдөөлөр жүрүп келген.
Эмдөөлөрдүн бардыгы вакциналардын жардамы менен организмде жугуштуу ооруларга каршы иммунитет жаратуу максатында жүргүзүлөт. Демек, жугуштуу ооруларды вакцинанын жардамы менен токтотуу десек болот.
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу «Восточный» айылынын дарыгер-терапевти Рустам Ридванов
Вакцина тууралуу жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакыруу үчүн Жаңы-Жер жамааттык медиаборборунун кабарчылары атайын дарыгерлерге барып маалымат алышты.
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу “Восточный” (20-хутор) айылындагы менчик ооруканада эмгектенген дарыгер Рустам Ридванов төмөнкүчө билдирди:
Жаңы-Жер айыл аймагына караган «Восточный» (20-хутор) айылынын ооруканасында эмгектенген дарыгер Рустам Ридвановго кезекте тургандар арбын болууда
Эмдөөлөрдүн жардамы менен дүйнө жүзүндө чечек (натуральная оспа) оорусу жоголду. Чечек-өтө коркунучтуу катуу кармаган жугуштуу оору болгон. Кара чечекке каршы ваксинаны дүйнөдө биринчи болуп, 18-кылымда англиялык дарыгер Э.Женнер тапкан.
Ушундай эле жугуштуу оорулардын бири Кызамык(кор)-дүйнөдөгү эң кеңири жайылган жугуштуу оору болуп саналат.
Бул оору менен биздин өлкөдө да ооругандар катталып калган учурлар болот. Ал ооругандардын көбү мурун кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр. Кызамыкка каршы эмдөө балдарга 2 жолу жүргүзүлөт: 1 жашында жана 6 жашында. Эмдөөдөн өткөн балдарга кызамык жуккан учурда оору жеңил өтүп, бала кыйналбай. Кичине кезинде кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр азыр деле жаш курагына карабай эмдөодөн өтө берсе болот. Акыркы учурда Кыргызстанда массалык эмдөөлөрдүн натыйжасында балдар арасында шал-полиомиелит, кызамык- корь, кызылча- краснуха, дифтерия, коклюш, сарыктын В түрү, столбняк оорулары катталбай калган.
Ал эми жакынкы жылдарда ротовирусная вакцина менен эмдөө башталгандан бери жаш балдар арасында ич өткөк оорулары кескин азайган.
Сүрөт интернеттен алынды
Жугуштуу оорулардын алдын алуу, өлүм учурларын азайтуу, эпидемияны жок кылуу үчүн- эмдөөнүн, вакцинанын жардамы адам баласынын ден соолугу үчүн эң маанилүү экенин биле жүрүү маанилүү.
Тилекке каршы, айрым ишенбестик көрсөткөн адамдарга, такталбаган фейк маалыматтарга ишенип, коомдо вакцинага каршы болгон жарандар да аз эмес. Ар бир атуул өзүнүн жана жакындарынын ден соолугу үчүн- жоопкерчиликтүү экендигибизди эсибизден чыгарбайлы.
Турсун Омуралиева