Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде, окуучулардын патриоттук тарбиясын калыптандыруу үчүн, жаш муундарды Кыргыз Республикасынын символдору болгон Гербге, Гимнге, Желекке урматтап мамиле жасоого көнүктүрө турган иш-чаралар уюштурулууда.
Элдик рухий-адептик, патриоттук нарк-дөөлөттөрдү жана жалпы адамзаттык адеп-ахлак кенчтерди өздөштүрүү максатында кесиптик лицейде фестивалдарды, жумалыктарды, декадаларды, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду, көргөзмөлөрдү, концерттерди, кароо-сынактарды, мелдештерди, музейлерди, ийримдерди, кечелерди иш-чараларды дайыма туруктуу уюштуруп, өткөрүп туруу жетекчилик тарабынан милдеттендирилип турат. Андан тышкары, аталган окуу жайда ар бир күнү эртең мененки убакыт 07:30да салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Туусунун жанында Кыргыз Республикасынын Гимнин ырдоо окуучуларга салт болуп калган.
Бул лицейдин дагы бир өзгөчөлүгү, келечектеги адистерди кесипке даярдоодо, этнобилимди айкалыштырып кесиптик багытта окутууда.
№43 Кесиптик лицейдин окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары Асира Кеңешбекова:
«Этнопсихологиялык этнопедагогикалык, этнотарбиячылык ыкмаларды айкалыштырып окутууда улам бир жаңы изилдөөлөрдү окуучулар өздөрү таап келишет.
Ар бир окуучу ошол айылдын, чөлкөмдүн, өрөөндүн тарыхын, улуу адамдардын өмүр жолун, жергиликтүү табияттын бөтөнчөлүгүн, жан-жаныбарларын таанып билүүгө багытталган материалдарды изилдеп таап жана аларды тарбиялык багытта натыйжалуу пайдалануу жолдорун табууда.»
Учурда №43 кесиптик лицейдин жаштары тасмаларды, улуттук жана жалпы адамзаттык адеп-ахлак кенчтери жөнүндө сайтка жайгаштыруу жана аларды кенен жайылтууга салымдарын кошуу аракетинде.
Кесиптик лицейде үнөмдүүлүккө тарбиялап окутушат
Жаш ашпозчулардын биомаданий ар түрдүүлүк жана этноэкологиялык билими бар
Турсун Омуралиева