Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймактык ооруканасындагы дарыгерлердин берген маалыматына караганда айыл тургундары арасында оору-сыркоо көбөйдү. Тилекке каршы кээ бир айыл тургундары дарыгерге убагында кайрылбай, өз алдынча дарылангандын натыйжасында оору күч алууда.
Жаңы-Жер айыл аймагына караган “Аль-Хулейфий” медициналык боррборунун дарыгери Рустам Ридванов, сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек болгон жөтөлдүн түрлөрүн айтып берди.
Дарыгер Рустам Ридванов
“Ооруган адамда жөтөл кайсы бир оорунун фонунда күчөсө же 2-3 жумага созулса медициналык жардам алуу керектигин эскертти. Эгерде адамда дем алуу кыйындаса какырык көп чыккан же көкүрөк кышылдаган жөтөл болсо дарыгерге кечикпестен тез баруу керек. Жөтөл узакка созулуп, кыйынчылыктар менен коштолсо оору олуттуу. Андай учурда тез арада чара көрүү зарыл.
Мындан тышкары, тынымсыз катуу жөтөлгөн мезгилде дене табы көтөрүлсө дагы медициналык жардам алуу керек. Жаш курагы 60-70 жаштан ашып калган адамдардын иммунитети алсыз болгондуктан бардык инфекцияга тез чалдыгышы мүмкүн. Бул жаш курактагы адамдар жөтөл башталганда эле дарыгердин көзөмөлүндө болуусу керек.
Ал эми Жаңы-Жер айылдык ооруканасынын жетекчиси Шухрат Тажибаевдин айтуусу боюнча:
“Жөтөлдүн себептери көп болушу мүмкүн, медициналык жактан текшерүү гана эмнеден болуп жаткандыгын аныктайт. Анализ тапшырып, медициналык кароодон өткөндөн кийин гана туура жана так диагноз коюуга болот. Дарыгер оорунун симптомдорун карап, салыштырып, дартты аныктап, андан кийин гана дарылоону баштайт.
Учурда “Омикрон”вирусу дүйнөнү тынчсыздандырып жатканда ар бир ооруган адам өзүнчө эле илдетти жуктуруп алдымбы деп кабатырлана башташты. Дарыгерге кайрылбай туруп андай жыйынтык чыгарууга али эрте. Себеби, азыр сасык тумоонун мезгили. Бул убакта ар кандай оорулар дагы козголуп калышы мүмкүн”,- деп түшүндүрдү.
Жаңы-Жер айылдык орукананын жетекчиси Шухрат Тажибаев
Азыркы учурда Жаңы-Жер айылындагы эл көп чогулган дүкөндөрдө, мекемелерде ж.б. жайларда санитардык талап күчөтүлдү. Бет капсыз элдерди киргизүүгө тыюу салынып, аралыкты сактоого эскертүүлөр берилүүдө.
Дарыгер: Айыл тургундары арасында пневмония оорусу күч алууда
Турсун Омуралиева