Кант диабети — бул кандагы шекердин деңгээли жогорулап кетиши менен байланышкан өнөкөт оору. Көбүнчө организм инсулинди жетиштүү бөлүп чыгара албай калганда же аны туура пайдалана албаганда пайда болот. Дарыгерлердин айтуусу боюнча Кыргызстанда акыркы жылдарда кант диабети менен ооруган адамдардын саны өсүп жатат — акыркы 10 жыл ичинде өлкөдө диабеттин саны эки эсе чейин көбөйдү деген маалымат бар.

Дарыгер-эндокринолог Нурила Исабаева
Кочкор райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун врач-эндокринологу Нурила Исабаева кант диабетин алдын алуу боюнча кеңештерин айтып берди:
«Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда диабеттин көрүнүшү жашарып жатат жана эртелеп диагноз коюлуп, алдын алуу иштери күчөтүлүүдө. Көп адамдар диабети бар экенин билишпейт, кээ бир маалыматтар факты катары катталбай калган учурлар көп. Дээрлик көпчүлүк учурлар экинчи типтүү диабетке туура келет. Диабет менен ооруган бейтаптардын саны жылдан-жылга өсүүдө, бул ден соолук үчүн олуттуу көйгөй болуп саналат. Балдар арасында да диабет менен оорулар катталып жатканы байкалууда».

Медайым иш учурунда
Кант диабетинин негизги симптомдору:
1.Көп суусоо
2.Тез-тез заара кылуу
3.Тез чарчоо, алсыздык
4. Көздүн көрүүсүнүн начарлашы
5. Себепсиз арыктоо
6 Жаралардын жай айыгышы
6. Айрыкча 2-тип диабети башында билинбей өтүшү мүмкүн.

Врач-эндокринологко кезек күткөн бейтаптар
Кан диабетин алдын-алуу жолдору
✅ Туура тамактануу (таттууну, майлууну азайтуу)
✅ Кыймыл-аракет, спорт (күнүнө кеминде 30 минута)
✅ Ашыкча салмактан арылуу
✅ Тамеки жана алкоголдон алыс болуу
✅ Кан шекерин үзгүлтүксүз текшертип туруу

Оорукананын кабылдамасы
“Дүйнө жүзү боюнча статистика алсак азыркы учурда дүйнөдө 580 млн ашуун адам кант диабети менен жашайт.
Акыркы 10 жылда бул оору болжол менен 40–50% га өстү жана ар бир экинчи адам кант диабети бар экенин билбейт. Диабет дүйнөдө эң кымбат дарылануучу оорулардын бири. Көзөмөл болбосо жүрөк, бөйрөк, көз жана нерв ооруларына алып келет. Ошондуктан ар бир жаран ден-соолугуна кам көрүп, текшерүүдөн өтүп туруусу зарыл».
Даярдаган: Бакыт Кожокматов