Кырдаалга байланыштуу ооруну алдын- алуу максатында Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери айылдарга барышып, тургундарды жеринде медициналык кароодон өткөрүп жатышат.
Дарыгерге келген айыл тургундары
Сагынбү Сейдалиева Жерге-Тал айылындагы ФАПтын фельдшери
Гүлкайыр Омурова Чолок-Кайың айылындагы №3 үй-бүлөлук дарыгерлер тобунун медайымы
Борбордун дарыгери Эдил Үсөнов Жерге-Тал, Конорчок, Чолок-Кайың айылдарына барып, күндө эртең мененки саат 9дан 12ге чейин тургундарды кабыл алып, сыркоолоп калгандарга күндүзгү дарылоочу жайга көрсөтмө берип жатат.
Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Эдил Үсөнов кабыл алуу учурунда
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтымында учурда Чолок-Кайың айылында 2миң, ал эми Жерге-Тал айылында 600гө жакын жашоочу бар. Бир айыл өкмөткө караган эки айылда тең жергиликтүү ооруканада жана ФАПта керектүү дары -дармек, кычкылтек концентратору, пульсоксиметр жана зарыл дары-дарымектер менен демөөрчүлөр аркылуу камсыз болгон.
“Айылда кыдырып, обход жасап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. 63 киши сасык тумоолоп жатабыз деп азыр дарыланып жатышат. Ооруп калсаңар үйгө жатып албагыла, дарыгерге кайрылгыла деп алдын алууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз”,- дейт айыл өкмөт башчы Г.Учугенова.
Ак-Талаа районундагы эпидемиологиялык абал-дарыгерлер жетишсиз
Видео: Ак- Талаада элге дем берген демөөрчүлөр
Барчын Мамытбекова