Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтында жаздан бери курулуш, ондоп-түзөө, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Аянттагы соода дүкөндөрү бирдей өңдө сырдалып, куурап калган бак-дарактар кыркылып, жөө адамдар үчүн тилкелер иретке келтирилип жатат.

Курулушчулар жөө адамдар үчүн жол тилкесин жасоо учуру


Жөө адамдар үчүн жасалган 300 метрге жакын жол тилкеси

оңдон солго Ак-Талаа районунун акими С.Кулубаев жана Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турусбеков

Ошондой эле бир канча жылдардан бери көчө боюнда жашылча-жемиш менен соода кылган соодагерлер дагы атайын жайга көчүрүлдү. Баетов айыл өкмөтү курулуш иштерине жумушчу күчү жана техникадан жардам берүү менен эл ташыган жеңил, оор жүк ташуучу жана жалпы унаалар токтоочу атайын жайлар салдырып жатат. Анткени буга чейин аянтта райондун ар кайсы айылдарынан келген эл ташыган, жүк салынган, чөп жүктөлгөн ж.б ар түркүн унаалар токточу.

Дөрбөлжүн аянты

Ал эми “Тазалык” ишканасы тарабынан аянтты иретке келтирүү, тазалоо иштери жүрүп жатат. Аянттагы ремонт иштерин координациялоо боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Шахназар Жанболот уулунун айтымында демилге “Ак-Талаа Эл Коомунун” төрагасы Дөөлөтбек Берикбаевге таандык. “Элге-жерге жасаган кызматыбыздын бири болсун. Оңдоп түзөйлү деп каражат жагын жеке өзү инвестор болуп чечип берген. Бул аянт 1990-жылдары Дөөлөтбек Берикбаев район жетекчиси болуп турган жылдары салынган. 30 жылдан бери бул аянтта райондук денгээлдеги ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келгени менен ондолгон эмес” дейт.
Сүрөт: Баетов айылында окуучулар ʏчʏн спорттук иш-чаралар ɵтʏʏдɵ
Ак-Талаанын Баетов айылында тооктор чумадан кырылууда
Барчын Мамытбекова
Сурөттөр: Шахназар Жанболот уулу