«ДаткАйым: биз гендердик теңчиликти жаңыча илгерилетебиз!» долбоорунун алкагында «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси жана «Данило Дольчи» чыгармачыл өнүктүрүү борбору (Италия) тарабынан Европанын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Долбоор алкагында аткарылган аткарылган иштер жана мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана стратегиялары талкууланды.

КР нын эмгек, социалдык камсыздоо, миграция министринин орун басары Алыбаева Жаңыл Ишенбековна өз сөзүндө 2030-ж чейин гендердик теңчиликти өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын иштелип чыгуу процессин,2023-24жж Улуттук иш-аракет пландарын, гендердик саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин колдоп жатканы үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Бул демилгени мындан ары улантуу маанилүү экендигин белгиледи.
Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Убактылуу ишенимдүү өкүлү Раймондс Вингрис мырза сөз сүйлөп, гендердик теңчилик Евробиримдиктин негизги баалуулуктарынын бири жана адам укугу, экономикалык өнүгүү, башкаруу бийлигиндеги адилеттүүлүк,коопсуздук,тынчтык жолу менен чечүү боюнча сөз сүйлөдү.
Европа Биримдиги гендердик теңчилик ички иш-аракет, жалпы тышкы саясаттагы башкы саясий максаты экендигин ,ал дүйнөлүк биригүүгө жетүү процессинде 2030-ж чейин ишке ашырылышы күн тартибиндеги маселе болуп, бул туруктуу өнүгүү багытка алып барат. Европа Биримдиги 2030-жылга чейинки күн тартибинин өзөгүн түзгөн Туруктуу Өнүгүү Максаттарын (SDGs) кошо алганда, глобалдык максаттарга карай прогрессти тездетүү үчүн тышкы иш-аракеттердин жана жалпы тышкы саясаттын негизги максаты катары гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат.

Европа Биримдигинин ишмердүүлүгү гендердик теңчиликти өнүктүрүүдө,бир багыттуу иш-аракет, саясий диалог, гендердик маселенин актуалдуулугу ушул үч багыттан ишке ашат.
«ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү» долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин каржылоосу менен «Социалдык технологиялар Агенттиги», «Данило Дольчи» чыгармачылык өнүгүү борбору төмөнкүдөй иштерди жүзөгө ашырды:
— КР нын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте дискриминацияга каршы окуу материалдарын гендердик экспертизадан өткөрүү, Кыргызстандагы Билим берүү кызматкерлеринин гендердик компетенттүүлүгүн жогорулатууну киргизүү, институтташтыруу;
— Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары, журналистика, коомдук медианын гендердик сезгичтигин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
— Жыныска бөлүү менен дискриминацияга жол бербөө, кордукту токтотуу боюнча гендердик маселелерге жооптуу мамлекеттик кызматкерлердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу, ведомство аралык кызматташууну жакшыртуу;
— Гендердик теңчиликти жана аялдарга жана кыздарга карата басмырлоону жана зомбулукту жоюу боюнча күн тартибин илгерилетүү үчүн жарандык коом уюмдарынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуусун кеңейтүү.
— Биз үчүн өлкөгө көрсөтүлүп жаткан жардам позитивдүү туруктуу өзгөрүүлөргө алып келиши абдан маанилүү. Мына ушуга байланыштуу «ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү» долбоорунун бул жыйынтыктоочу конференциясында сунушталып жаткан формат бул максатка эң ылайыктуу.
«ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү» долбоорунун координатору, «Данило Долчи» (Италия) Чыгармачылык өнүктүрүү борборунун координатору Альберто Биондо өз сөзүндө бул долбоорду ишке ашырууга салым кошкондорго, катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Жыйында долбоордо иштелип чыккан жыйынтыктар, анын ичинде бардык кызыкдар уюмдар тарабынан андан ары жайылтуу жана пайдалануу үчүн иштелип чыккан материалдар жана буюмдар сунушталды. Мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана стратегиялары талкууланды.
Конференция 4 тематикалык секциянын алкагында өткөрүлдү – 1.Адаттан тышкары, эркин билим берүү», (2) «Мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашырууда кызматташуу», (3) «Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоо” үчүн жергиликтүү комитеттерди өнүктүрүү,колдоо;, (4) “Гендердик-сезгичтик медиа стандарттары”, долбоордун катышуучулары, бенефициарлары жана өнөктөштөрү сөз сүйлөп, гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча иш-чараларды улантуу боюнча тажрыйбалары жана сунуштары менен бөлүшүштү.
Ошентип, жыйынтыктоочу конференциянын башталышында «Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюмунун директору Зульфия Кочорбаева конференциянын катышуучуларына «ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү» долбоорунун ишинин негизги жыйынтыктарын белгилеп өттү. Бул долбоорду жаңы багыт деп , 2030-жылга чейин Гендердик теңчиликке жетишүүнүн Улуттук стратегиясын жана 2022-2024-жылдарга Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу процессин колдоо,гендердик саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аракеттерин колдоону сунуштады. Топтолгон билимдер, материалдар жана продукциялар андан ары жайылтуу үчүн сунушталат, долбоордун алкагында жетишилген натыйжалар, ошондой эле гендердик саясатты ишке ашыруунун алкагында ар кандай секторлордун милдеттери жана мындан аркы келечектүү стратегиялары, кызматташуу жолдору талкууланды.
Андан ары «Адаттан тышкары, эркин билим берүү» сессиясынын алкагында Республикалык «Окуу китеп» илимий-практикалык борборунун директору Курбанова Чынара Осмоновна «ДаткАйым» долбоору менен кызматташуусу ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. Долбоордо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дискриминацияга, гендердик теңсиздикке каршы окуу материалдары,300 тексттик суроолор иштелип чыкканын айтты.Ал тестирлөө менен ар түрдүү предметтер боюнча 150дөн ашык көз карандысыз эксперттер, мектеп окуу-методикалык комплекстин авторлору, редакторлор жана басмакана адистери, окуу-методикалык комплексте апробацияга катышкан мугалимдер, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институттарынын адистери, ар кайсы региондордун педагогикалык жогорку окуу жайларынын мугалимдери таанышышкан.
Долбоордун аймактык өкүлү Ормонова Авазкан Кыргызстандын 38 мектебинде 1000ден ашуун жогорку класстын окуучуларынын катышуусунда билим берүүдөгү гендердик стереотиптерди жоюу максатында республиканын бардык аймактарындагы мектептерде маалыматтык кампаниялар өткөрүлгөндүгүн билдирди. Маалыматтык материалдар жана видеороликтер андан ары пайдалануу жана жайылтуу үчүн мектептерге тапшырылды.
Жыйындын соңунда талкуу уюштурулуп, анда конференциянын катышуучулары долбоордун алкагында аткарылып жаткан иш-чаралардын Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы менен белгилешип иштөө зарылдыгын, ишке ашырылып жаткан демилгелердин мындан аркы өнүгүшүн каалашты. Ошондой эле катышуучуларга долбоордун маалыматтык материалдары жана видеороликтери көрсөтүлдү.
Бул конференциянын жүрүшүндө «Мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашыруудагы кызматташтык» кенен талкууланып, анда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Гендердик маселелер боюнча башкармалыгынын башчысы Окоева Гульмира Качкыновна «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине интеграциялык гендердик мамилени киргизүү маанилүү экендигин билдирди.
КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине комплекстүү гендердик мамилени киргизүү боюнча усулдук материалдар иштелип чыккандыгын жана тренингдер уюштурулгандынын баяндады.
Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын алдындагы Окуу борборунун директору Турдумамбетова Гүлнара айым өз сөзүндө гендердик саясатты ишке ашырууда секторлор аралык кызматташтыкты бекемдөө максатында долбоор тарабынан түзүлгөн платформаларды колдоо маанилүү экенин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Исаева Гүлназ Коңурбаевна 170тен ашык диний уюмдардын өкүлдөрүнүн, диний ишмерлердин катышуусунда өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлгөн коомдук диалогдор тууралуу маалымат берди.
«Эгл» Коомдук фонддун жетекчиси Чолпон Өмүрканова коомдук, мамлекеттик бирикмелер үчүн долбоордук тренингге катышуу жана уюмдардын ишмердүүлүгүндө гендердик күн тартибин кеңейтүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтып берди.
«Үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоо» темасында жергиликтүү комитеттердин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана колдоо» боюнча кезектеги сөз КР Кризистик борборлор ассоциациясынын төрайымы Түлекова Толкунга, Жалал-Абадда гы Жарандык коомчулукту колдоо борборунун эксперти Жанна Саралаевага берилди.Алар жарандык коом борбору өлкөнүн 7 облусунда үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерге колдоо көрсөтүү боюнча алынган сабактар тууралуу айтып беришти.
Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан коргоо жана коргоо боюнча 14 жаңы комитет түзүлдү. Конференцияда комитеттердин өкүлдөрү да сөз сүйлөп, өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары менен бөлүшүштү.
Андан ары конференциянын алкагында медиа стандарт катары «Гендердик сезимтал» «Клооптун» редактору Иргебаева Айдай «Журналисттердин потенциалын жогорулатуу» деген темада баяндама жасады. «Гендердик сезимтал» стандарттарын Элира Турдубаева журналисттерди окутуу программаларына киргизүү керектигин тастыктады.
Баяндамачылар мындай саясатты журналисттерди даярдоо боюнча ЖОЖдордун окуу пландарына, «гендердик сезимтал», жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакция өкүлдөрүнө бул жаңылыкты жеткирүүнү, киргизүүнүн маанилүү деп белгилешти.
Долбоордун улуттук координатору Бактыгүл Исланбекова «ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү» катышуучуларга Кыргыз Республикасындагы гендердик эксперттердин жана эксперттердин маалымат базасын» тааныштырды.
Андан ары конференциянын бардык катышуучулары талкуунун жүрүшүндө долбоордун алкагында ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын өзгөчө маанилүүлүгүн, актуалдуулугун жана туруктуулугун белгилешти. Ишке ашырылып жаткан демилгелердин мындан ары да өнүгүшүн каалап, каалоо-тилектерин айтышты.
Бул отурумда ЖМКга карата даттанууларды кароо комиссиясынын төрайымы, Кыргызстандын медиа-аракет платформасынын төрайымы, “ДаткАйым” долбоорунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү Валиева Тамара жеңүүчүлөрдү тандоонун эрежелери, жол-жоболору жана критерийлери тууралуу айтып берди. «ДаткАйым – Гендердик теңчиликке жаңыча жетишүү» долбоорунун алкагында ЖМК жана социалдык тармактар арасында өткөн сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Анда төмөнкү номинациялар боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болду:
«Эң мыкты радиоматериал»;
«Мыкты видеоматериал»;
«Мыкты басылма/Интернет-басылманын мыкты материалы»;
• «Социалдык тармактардагы эң мыкты материал».

70тен ашык иштин ичинен ар кандай номинациялар боюнча 20 жеңүүчү аныкталып, баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Айгерим Кубатбекова