Назгүл Каарова “Кеште” мода үйүнүн негиздөөчүсү. Дүйнөлүк мода көргөзмөлөрүнө катышып, кыргыз улуттук кийимдерди тааныштырып келет. Мурда улуттук кийимдер салттык майрамдарга ылайыкталып тигип келишсе, учурда күнүмдүк турмушта кийгенге ылайыктап жасап баштаганын айтат дизайнер. Анын айтымында улуттук кийимдер кыздардын ажарын ачат.

Кеште деген кооздолгон сайманы түшүндүрөт. Мисалы: бир сайма бир эле маанини түшүндүрсө,
“Кеште”- деп бир сүрөттү же бир баянды айтабыз. Илгери деле апаларыбыз: “Бул көйнөктүн кештеси, туш кийиздин кештеси”- деп колдонуп келишкен.

Ишкерликти кантип баштаган?

“Декреттик өргүүдө жүргөндө башталган. Саат 12ге чейин үй жумуштарын бүтүрүп коюп, кызымды бешикке уктаткан соң 2-3 саат отура калып тигип баштагам. Анда жалгыз эле тигүүчү машинам бар болчу өзүм, бычып, кайра тигип, саймасын дагы колго сайып айтор баардыгын колго жасап чыкчумун. Ошентип эң алгач 13 той көйнөгүн тиккем. Бул ошентип отуруп кеңейген нерсе.”

Мурда салттуу майрам, тойлорго ылайыктап көйнөк тиксек, азыр күнүмдүк турмушта да кийгенге ыңгайлуу кийимдерге басым коюп жатабыз
“Башында эч кандай маркетинг же рекламаны деле билген эмесмин. Бири-биринен угуп, бири-биринен көрүп отуруп эле кардарларым көбөйүп баштаган. Эң негизгиси максат болсо эле бардыгын акырындык менен үйрөнөт экенсиң.”
“Алгач өзүңдү өкүктүрүп, бизнес жаатында окуп, тренингдерге барып, жакшы билгендер менен кеңеш алуу керек. Бирок, сөзсүз баштоо керек. Көп эле кеңеш ала бергенде дагы айрымдар мындай болбойт деп койсо таштап салбастан ага ишенип өжөрлүк менен жеткенге аракет кылуу зарыл.
Мен чыгармачыл болгондуктан алгачкы жылдары, эсеп-кысап жагын жакшы билчү эмесмин. Кийин албетте өздөштүрдүм. Бирок, булар адамдын убактысын алат.”

“Эң биринчи максат коюп анын ишке ашуусуна ишенүү керек. Ошондой эле визуалдаштыруу дагы өтө маанилүү. Мен кичинекей кезимде эле чет өлкөдөгү көргөзмөлөргө катышып жатканымды элестетип, кыялданчумун. Жаштарга дагы ушундай кенеш берет элем жөн гана визуалдаштырып жата берген да болбойт. Ага аракет, мээнет, умтулуу жана убакытты туура пайдалануу керек. Кыргызда жакшы сөз бар “Жакшы тилек, жарым ырыс”-деген андыктан ар дайым жакшы ой, жакшы максаттар менен жүрүү керек деп эсептейм”.
Айгерим Кубатбекова