Учурда өлкөдө 1-класстын окуучулары салтуу режимде, ал эми 2-11-класстар аралыктан окууну башташты. Ошол эле учурда мектеп жашында, бирок ден-соолугунун абалы боюнча үйүндө окуп жаткан дагы окуучулар бар.
Ак-Талаа райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Каныбек Эсеналиевдин маалыматына караганда район боюнча үйдөн окуп жаткан 10 окуучу бар.
“Орто мектептерде логопед адистер жок болгондуктан тажрыйбалуу, педагогикалык билими бар мугалимдер педагогикалык кеңеш тарабынан тандалып алынган. Анткени, мындай категориядагы окуучулар өтө сезимтал, ошол үчүн этияттык менен маанайына жараша, абайлап мамиле кылуу керек. Ал үчүн сөзсүз тажрыйба керек. Үйдө окутуунун планы түзүлүп, мектеп жетекчилиги тарабынан сабактардын жүгүртмөсү бекитилген. Кырдаалга байланыштуу мугалимдер санитардык нормаларды сактап, үйлөргө барып сабак берүүдө”.
Эскерте кетсек, КРнын Өкмөтүнүн атайын токтомуна ылайык окуучуну үйдө окутуу зарылдыгы жөнүндө көрсөтмөлөр жана дарылоо-контролдук комиссиянын маалымкатынын негизинде окутуу билим берүүнүн бардык баскычында ишке ашырылат. Бул токтом 2018-жылы кабыл алынган.
Барчын Мамытбекова