Дени сак жашоо заманбап жашообуздун маанилүү бир бөлүгүнө айланды. Туура тамактануу, дени сак жашоо заманбап жашообуздун маанилүү бир бөлүгүнө айланды. Себеби, туура эмес тамактануу жана кыймылсыз жашоонун кесепетинен улам гипертония, кант диабети, залалдуу шишик-онкологиялык оорулары көбөйүп баратат.
“Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен ишке ашып жатат. Аталган долбоор менен Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) 2018-жылдан тартып иштей башташкан.
Учурда долбоордун алкагында кандай иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу Талас районунун Үй бүлөлүк медицина борборунун Ден- соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адиси Магира Кутушбекова кеңири айтып берди.
Эл арасында көп кездешкен жугуштуу эмес оорууларга төмөнкү оорулар кирет:
Жогоруда айтылган жугуштуу эмес оорулардын пайда болушуна бир нече тобокел факторлор таасирин тийгизет. Ошол факторлордун эң негизгиси 4 тобокел фактору:
Мына ушул факторлор жугуштуу эмес оорууларга алып келет, муну ар бирибиз билип, алыс болууга аракет кылышыбыз керек.
АДК мүчөлөрү тарабынан кандай иштер жасалууда?
Бул долбоор башталганга чейин эле АДКнын мүчөлөрү өздөрү жашаган айылдардагы жашы 18 жаштан жогорку адамдардын кан басымын электрондук аппаратын жардамы менен өлчөп, керектүү маалыматтарды берип келишкен, бир топ долбоорлорду ишке ашырышкан. Азыркы учурда кыймыл-аракети күчөтүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, спорт менен машыгуу абдан актуалдуу болуп жатат. Адам көп кыймылдаса кан айлануу нормалдуу болуп, жүрөк жакшы иштеп, организм жашарып, ден- соолуктун чың болуусуна шарт түзүлөт.
АДКлардын демилгеси менен 2019-жылдын декабрь айында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана физикалык активдүүлүктү жогорулатуу максатында жашы 35тен 55 жашка чейинки аялдар жана эркектер арасында “Кыймыл аракет жүрөккө күч берет” деген ураандын алдында спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдешке Ү.Өмүралиев, Арал, Жергетал, Кара-Суу айыл өкмөттөрүнөн 8 команда катышты. Мелдештин катушуучуларына райондук ден соолук комитетинин фондунан “Мактоо баракчалар” тапшырылып, ысык тамак берилип, жол кирелери каржыланды. Айыл өкмөттөрү алдыңкы оюнчуларга акчалай сыйлык жана кубок тапшырышты. Мындай мелдештер 2020-жылы ар бир айылда уюштурулат.
Даярдаган: Мира Сейдикеримова