Суусамыр айылында аз камсыз жана көп балалуу үй- бүлөлөргө атайын кайрымдуулук фонд (аты аталган жок) тарабынан көмүр, кышкы кийимдер таратылып, жардам көрсөтүлдү.

Жалпы эки жүздөн ашык үй- бүлө, ар бири 10-20 каптан көмүр менен камсыз болду.

Нургүл Алияскарова да 5 жылдан бери ушул кайрымдуулук фонддон жардам алат. Кыш мезгилинде, көмүр кымбаттаган учурда чоң жардам болот дейт.

Мектеп окуучуларына да жылуу кийим, кышкы куртка жана топулар, бут кийимдер берилди. Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн дагы жылуу жууркандар таратылды. Мындай жардам айыл тургундарына жыл сайын көрсөтүлүп келет.
Назима Акишбекова