«Бактысы бар элдин башчылары жакшы болот»- деген накыл кеп элибизде бекеринен айтылбаса керек. Сүлүктү шаарынын калкы да жакшы жол башчыларына ыраазы. Бул боюнча Сулуктудо шаардык денгээлде 105 кишинин катышуусу менен откорулгон АРИС менен коомчулуктун активдуу окулдорунун, жергиликтуу Кенештин Депутаттарынын жана шаар жетекчилеринин катышуусундагы коомдук угууда Н.Отбасаров коомдук озун озу башкаруу аймагынын башчысы, Ардактуу Аксакал Ганы Толобаев билдирди:

Союз убагынан бери суу түтүгү тартылбай калган Н. Отбасаров аймагынын «эт комбинаты» участкасындагы жашоочуларын суу менен камсыздоо маселесин чечуу учун Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин көпчүлүгүн түзгөн «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын жетекчиси Исманали Джумабаевич Карабаевге арыз менен кайрылсак, Эч бир бийлик Окулу же депутат келип кабар албаган жерге дароо келип, кабар алып, жакшы создору менен маанайыбызды которду. Биз жылуу создоруно, келип абалыбызды сураганына эле ыраазы болуп калдык. Бирок дароо эле Кран, Хово жана башка оор жук ташуучу техникалар келип калып, биздин коп жылдык койгойубузду бир кундо чечип берди. Андан Сырткары арызда жок болсо да оздору демилге которуп таштанды толуп калган суу откоол курулмабызды да тазалап, жарактуу абалга келтирип, таштандыларын да жуктотуп кетти.
(Фото окуяга кубо болгон жарандардан алынды)



Урматтуу ушул жерде катышып олтурган «Мен Сулукту учун жооптуумун»- деген жектекчилер, депутаттар, Мен жогоруда айткан созум менен Элге куру убада бере бербей, Депутатмын, жетекчимин деп эле болбогон саясий маселелерге, ушак айындарга аралаша бербей маселени ордунда коруп, Исманали уулума окшоп, жок дегенде бир кундук жумушунарды Эл учун арнап койсонор шаарыбыз эчак эле онугуп кетмек. Мен ушул жашка чыгып Исманали уулумдай «Ак Журок» инсанды коро элек болчумун. Болсон Исманалидей депутат бол деп ак батасын берди.
Тыныгуу учурунда, АРИСтин окулдору да тан калып, «Кыргызстандын коп жеринде коомчулук менен жолугушуу уюштуруп журобуз, бирок Оз депуттарына мындай терен ыраазычылык билдирген жамаатты коро элекпиз, ынтымак бар жерде ырыс бар»- деп толкунданганын жашырган жок.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров