Нарын районуна караштуу Куланак айылында Гендердик маалымат борбору ассоциациясы жана «Теңдик нуру» демилгесинин колдоосу менен «Эрте нике эселек курактын зомбулугу» долбоорунун алкагында жергиликтүү депутаттар уюштурган дебат оюну өттү.
Окуучулардан 4 топ чыгып, 2 топтон бири-бирине каршы чыгышты. Биринчи палата «Ала качуу бул — салт жана туура» деген ойдо болсо, экинчи палата»Ала качуу бул — кылмыш» позициясын кармаган.

Биринчиден эки жактан тең ачуучу өкмөт оюн көрсөттү. Кийин жабуучу өкмөттөр улантты. Бир палатадан «Ала качуудан кийин бактылуу үй — бүлөө кургандардан толтура мисал бар»,-десе, экинчи тарап «Ала качуу бул — кылмыш!»,- деп мыйзамдарга, адамдык укуктарга таянып жатышты.

Узак «дискуссиядан» соң, Феникс командасы I орунду багындырды. Кызыктыруучу белектер берилип, грамоталар менен сыйланышты.

«Мурун дебаттарга кызыкчу эмесмин, азыр көрүп аябай таасирлендим. Буюрса команда түзүп, мен да ойнонуу көздөйм»-деп билдирди атын атагысы келбеген көрүүчү.

Бул долбоордун алкагында буга чейин «Эрте нике — эселек курактын зомбулугу» аталышындагы семинар тренинг, тегерек стол өткөн. Азыркы учурда «Зомбулук — жан дүйнөнүн жарасы»(дил баян), «Зомбулуксуз келечек» (сүрөт) сынагы өтүп жатат. Бул долбоор «Кыз адеби — кымбат» (энелер — кыздар арасындагы мелдеш)спорттук иш- чарадан кийин жыйынтыктайт.
Даткайым Орозакунова