Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 1-июнь «Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө» карата таланттуу окучулар арасында кол өнөрчүлүк боюнча конкурс болуп өттү.
Окуучулар жасаган буюмдарын, даярдаган тамак-аштарын көргөзмөгө коюшту. Иш-чаранын уюштуруучулары тарбия иштери боюнча директордун орун басары Урмат Батталов, мектептин сүрөт жана технология мугалимдери Жылдыз Сатыбалдиева жана Кубанычбек Кадыров.
Сүрөт жана технология мугалими Жылдыз Сатыбалдиева конкурс тууралуу буларды айтып берди:
«Бул конкурс биздин мектепте жыл сайын өткөрүлүп турат. Конкурстун негизги максаты окуучулардын арасынан талантуу, кол өнөрчүлүккө шыктуу балдарды алып чыгуу жана аларга мотивация берүү болуп эсептелет. Андан сырткары тамак-аш көргөзмөсү да болду. Окуучулар жасап келген тамак-аш, таттууларын дүкөн жана базар баасынан арзан баада сата алышты. Мындай иш-чара аркылуу балдардын кызыгуусун өстүрө алабыз деп ойлойм. Келечекте конкурсту мындан да жогорку деңгээлде өткөрөлү деген планыбыз бар. Ал эми конкурста жеңген окуучулар грамота жана белектер менен сыйланышты».
Конкурста 1-орунду алган 9-классынын окуучусу Сезим Кулубекова сүйүнүчү менен мындайча бөлштү:
«Бул менин биринчи эле ийгилигим эмес. Буга чейин кол өнөрчүлүк боюнча көптөгөн конкурстарга катышып ийгиликтерге жетишип келгем. Конкурс боюнча мугалимим Жылдыз Сатыбалдиева багыт берди. Учурдан пайдаланып Жылдыз Каниметовнага ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Бул конкурска шаркыратманын макетин жасап, 1-орунду багындырдым».
Азима Шакирова