Нарын районуна караштуу Достук айылында элеттик айымдардын таймашы болду. Негизги максаты кол өнөрчүлүктү даңазалоо, айыл элинин ынтымагын чыңдоо экендигин уюштуруучулар белгилешти.
Сынактын максаты-айылдагы келиндердин чыгармачылык өнөрлөрүн ачуу, муундан-муунга өтүп келген кол өнөрчүлүктөрдү даңазалоо, айыл элинин ынтымагын чыңдоо экенин сынактын уюштуруучусу, аталган айылдагы клубдун башчысы Айзада Исмаилова өз сөзүндө айтты.

Сынакта келиндер өз өнөрлөрүн тартуулашты
Сынактын жүрүшүндө айылдагы ар бир көчөдөн бирден келин катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Ал эми калыстар тобу келиндердин чыгармачылык талантына, кол өнөрчүлүгүнө, шамдагайлыгына баа беришти. Катышуучулар ар бир тапшырманы мыкты аткарып бере алышкан. Ар бир катышуучунун эмгеги бааланып, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Муундан-муунга өткөн кол өнөрчүлүктү көрсөтүү учурунда

Манас айтуу өнөрүн көргөзүү учурунда
Аталган конкурска Нарын районунун акиминин орун басары Анара Орозказиева катышып, конкурска катышкан айымдарды куттуктап, аялзатынын талыкпас эмгегине таазим кыларын белгиледи.
Ал эми Нарын райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Саадат Смайылова дагы өз пикирин билдирип, сынак жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, Достук айылдык клубунун башчысы Айзада Исмаиловага Ыраазычылык кат тапшырды.
Жыйынтыгында Кеңешбекова Бегимай активдүү катышып, Кеңешбекова Нурайым 3-орун, Кенжебек кызы Тянь-Шань 2-орун, Алияскарова Чолпон 1-орун, Кадырбаева Нурфира баш байгенин ээлери болушту.

Сынактын жеңүүчүсү Нурфира Кадырбаева
Асел Үркүнбаева