Ат-Башы районунда 5-март күнү райондогу мектептердин арасында Манас Таануу интеллектуалдык таймашы болуп өттү.
Аталган таймаштын уюштуруучусу жана «Көйкашка» коомдук уюмунун мүчөсү Бакыт Самүдүнов таймаш 11 жылдан бери уланып келе жатканын айтты.
«Манас Таануу телетаймашы 2011-жылдан бери ийгиликтүү уюшулуп келе жатат. Жыл ичинде январь, февраль айларында райондук баскыч, апрель, май айларында облустук баскычы, андан кийин республикалык баскычы телевидениеден көрсөтүлүп, Бишкек шаарында өтөт. Бул иш-чаранын максаты- улуттун келечеги болгон жаштарды көөнөрбөс мурас болгон улуу Манас баяны менен сугарып, ал аркылуу биздин тарыхты, салт-санааны жана тилибизди аларга жеткирүү. Андан тышкары окуучулардын эске тутумун өнүктүрүү, логикалык ойлонуусун өстүрүү.»
Ал эми 4 жылдан бери катышып келе жаткан окуучу Сезим Нургазы кызы таймаш абдан катаал өткөнүн белгиледи: «Мен 4 жылдан бери катышып келе жатам. Бүгүн мына биздин команда жеңүүчү болуп кубанып отурабыз. Таймашка даярдануу абдан көп убакытты талап кылды. Бул таймаш мурдагыдан өзгөчөлөнүп, суроолор аралаш берилди жана ар бир суроого так жоопту талап кылып жатышты. Биз үчүн бул конкурс абдан маанилүү орунду ээлейт».
Жыйынтыгында Талды-Суу айылынан келген окуучулар жеңүүчү аталышты. Андан тышкары катышуучулар баалуу белектер менен сыйланышты.
Айназик Асылбек кызы, Айтурган Токтобаева, Элиза Канатова, Жылдыз Бекбоо кызы