Салайдин Ураимов бул жылы кокон гиластын көчөтүн отургузуп ал жетилгенче кошумча киреше табуу максатында дарбыз өстүргөн. Учурда түшүмдү жыйнап сатып бүттү. Жер жетиштүү болсо ар бир айыл тургуну аны иштетип каржы булагына айлантса болот.
Салайдин Ураимов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө жашайт. Кесиби боюнча айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү уюштуруу жана анын технологиясы адистигин аяктаган. Быйыл интенсивдүү бак дарак, кокон гиластын көчөтүн отургузуп ал жетилгенче ошол эле аянтка кошумча киреше табуу максатында дарбыз эгип анын түшүмүн алганга жетишти. Түшүм жакшы болуп, сатып алган көчөттөрдү актаганын айтат Ураимов:
“Биздин облуста негизининен техникалык өсүмдүктөрдү пахта жүгөрү өстүрөбүз. Булардын түйшүгү оор, чыгымы көп болгон үчүн быйыл интенсивдүү бак дарагын өстүрүп көрүүнү чечтик. Манас Саматовдон 0.5 гектар жер аянтына кокон гиластын 2 түрүн алып келип отургуздук. Негизи багбанчылыкта бул бак дарактын алдын таза кармоо керек. Бирок, биз алдына дарбыз айдаганбыз. Азыркы күндө түшүмдү жыйнап алдык. Түшүм жакшы болду. Эми дарбыздын чөптөрүн жыйнап алып малга тоют катары берсе болот. Эми буларды жыйнап, тазалап бактардын өсүүсүнө шарт түзөбүз.”
“Биздин жашоо аймагыбызга ылайык дарбыздын эрте бышчу түрүн айдаган натыйжалуу. Себеби, климат тез ысып кетет. Жер иштетүүдө бардык нерсени өз убагында кылуу керек. Күзүндө жерди жакшы айдатуу маанилүү. Бизде бир көйгөй болуп жатат кубаттуу техникалар жетишсиздиги. Нормага ылайык 30см кем эмес айдалуусу керек бизде болсо 20-25смдей эле айдалууда.”
Салайдин Ураимов дыйкандар өз алдынча киреше булагын табуу үчүн эӊ алгач жер керектигин айтат. Бизде пайдасы жок үрөнчүлүк чарбалары бар. Алар негизинен элди үрөн менен камсыз кылып элге жардам берүүлөрү керек. Аны аткаршыпай эле ошондой эле айыл чарба министрлиги дагы эч кандай жаӊылыктарды, жаӊы техниканы алып келбейт ар ким өз акылынын жетишинче иш алып барууда дейт:
“Бизде чындап эле министрлик тарабынан эч кандай колдоо, жаӊылык жок. Эл өзү изденип, колунан келгенин кылып жатышат. Бизге маалымат дагы жетишпейт. Дыйкандар бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып, билимдерибиз менен бөлүшүү аркылуу жаӊылыктарды киргизип жатабыз. ал эми жер маселеси боюнча. Биздин үй-бүлө чоӊ болгондуктан эжелерим турмушка чыгып кеткендиктен алардын жерин алып, бир тууган агамдын жерин сатып алып кошуп иштетип жатам.”
Салайдин Ураимов быйыл дарбыздын баасы дагы жакшы болгонун айтат. Аны Ош шаарындагы базарга барып ортомчуларга өткөзгөн. Кийинки жылы күнөскана жасап дарбыздын көчөттөрүн өстүрүүнү пландап жатат.
Суугаруунун заманбап ыкмаларын пайдалануу керек
Манас Саматов: көчөттөрдү жол жээктеринен, базардан сатып алганга болбойт
Багбан Искендер Саматов: Бак көчөттөрүн жашаган аймакка жараша тандоо зарыл
Айгерим Кубатбекова