31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Суусамыр айыл өкмөтүнүн алдында салтанаттуу жыйналыш болуп, айылдын өнүгүшүнө салымын кошкон айыл тургундары грамоталар менен сыйланышты.
Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын башчысы мындай деди:
«Айылдагы коомдук иштерге активдүү катышып келген айыл тургундарын грамота менен сыйлоону туура көрүп, бүгүн грамоталаржы тапшырдык»
7-жылдан бери айыл тургундарын такталган маалымат менен камсыз кылуу максатында иштеп келген “Суусамыр” жамааттык радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова да сыйланды. “Суусамыр” радиосун элдин турмушун жакшыртуу максатында, маалымат менен камсыз кылып, бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болууга аракет кылып иштеп келе жатабыз. Эмгегибизди баалап, грамота менен сыйлагандыгына ыраазыбыз”- дейт радио жетекчиси.
Салтанаттуу жыйналыш ыр-күлкү менен коштолуп, куттуктоо сөздөр менен уланды.
Даярдаган: Айпери Уланбекова