2018-жылдын 5-декабрь күнү Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол жана Терек-Суу айылдарынын спортчулары 100 000 (жүз миң) сомдон мелдешип көк-бөрү ойношту.
Бул мелдештин уюштуруучусу, Терек-Суу көк бөрүчүлөрүнүн капитаны Алтынбек Бекматов: «Бул мелдеш негизинен эки айылдын достугун, ынтымагын чыңдоо үчүн уюштурулду. Мындай оюндарды башка коңшу айылдар менен да өткөрүп турабыз. Азыр көк бөрү оюну дүйнөгө бир белгилүү оюнга айланып баратбайбы, ошол себептен бизде да бул оюнга кызыккан жаштар абдан көп»,- дейт спортчу.
Мелдеш 20 минутадан 3 тайм менен өткөрүлдү. 1-тайм Терек-Суу 1-0 менен жеңди, 2-таймда Терек-Суу 2-0 менен жеңди, 3-таймда да Терек-Суу 3-0 менен жеңип оюн аяктады.



Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов