Кадыркулов Актанбек Курманбекович Кызыл- Туунун жаштарына «Эко мектеп» долбоору тууралуу айтып берди.
«Мен Бишкек Гуманитардык Университетинин Экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын ага окуутучусумун, ошондой эле Кыргызстандагы «Табият live» экологиялык кыймылынын директорунун орун басарымын. Биз азыркы маалда республикалык «Эко мектеп» деген долбоорун жайылтып жатабыз, ошол долбоорунун жетекчисимин»-деди Актанбек Курманбекович.
«Эко мектеп» долбоору 2017-жылы Ат-Башы районунун да уюштурулган. Долбоор мектеп окуучуларынын жаратылышка болгон көз карашы кандай экенин ошол жөнүндө оюн билүүгө арналган. Максаты 12 пункттан турган суроолор берилип, мектеп окуучуларынын билимин текшерүү.
«Эки конкурс уюштурулган ага 7 мектеп катышты. Фестивалдарды уюштуруп турабыз. Ага13 мектеп катышты, ошодой эле массалык маалымат каражаттарынан КТРК 24, ЭЛТР жана Нарын ТВ келип катышты. Райондук администрация жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери келип күбө болуп кетишкен»-деп кошумчалады Актанбек Кадыркулов.
Агайга ийгилик каалап жаштарды экологиялык сабаттуулука чакырмакпыз.
Даярдагандар: Сайкал Медербекова Каныкей Кенешова