Режиссер Медербек Жалилов менен белгилүү кино актер Бектемир Мамаюсупов “Мекен” тасмасын тартышты. Фильм, экологиялык көйгөйлөргө арналып, табигый мурасты коргоп калууга чакырык катары коомчулукка тартууланмакчы. Медербек Жалилов режиссура тармагында билим албаса дагы, 5 жыл мурун Орусияда алгачкы тасмасын тартып, ийгилик жарата алган. Ошондой эле, Кыргызстанга кайтып келгенге чейин, орус жеринде масштабдуу тарыхый тасма тарткан. Толугураак тасма жаратуучуларынын kyrgyzmedia.com го берген маегинен окуңуз.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы