А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 7-апрель – Элдик революция күнүнө карата “Чептен эрдин күчү бек” аталышындагы иш-чара өттү. Аны мектептин 8-класстары уюштуруп, чакан линейка форматында өткөрүштү.Иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылып, андан соң эл баатырлары эскерилди. Линейканын алкагында Куланак айылынын тургуну, эл баатыры Рахат Кожобеков тууралуу сахналаштырылган көрүнүш тартууланды.

Ошондой эле анын карындашы Миргүл Кожобекованын эскерүүсү көрсөтүлүп, анда баатырдын адамдык сапаттары, үй-бүлөдөгү орду жана акыркы күндөрү тууралуу таасирдүү эскерүүлөр айтылды.
https://youtu.be/TcWmxmiUYCM
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар тарабынан патриоттук ырлар аткарылып, көркөм окуулар окулду. Бул аркылуу жаш муунга мекенчилдик сезимди сиңирүү максаты көздөлдү.
Жыйынтыгында мугалимдер сөз сүйлөп, элдин тынчтыгы менен бейпилдиги эң башкы баалуулук экенин белгилешти. Ошондой эле мындай кайгылуу окуялар кайталанбашы керектигин айтып, эл баатырларын эскерүү ар дайым улантыларын баса белгилешти.

https://youtube.com/shorts/xlYp4NsCLxM?feature=share
Бул иш-чара өсүп келе жаткан муун үчүн тарбиялык мааниге ээ болуп, тарыхты унутпай, баатырларды урматтоого чакырык болду.
Даярдаган: Аделина Нурбекова