Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Куттубек Аттокуров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Олжобаев жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн улук офицери, майор Н.Эстебесов менен биргеликте Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү мекемелерде текшерүү иштерин жүргүзүштү.


Текшерүүнүн жүрүшүндө мектептердеги суу ысытуучу жана газ толтуруучу жабдуулардын техникалык абалы каралып, коопсуздук талаптарына шайкештиги бааланды.

Жыйынтыгында бир катар кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча эскертүүлөр айтылды.

Даярдаган: Азема Кудуева