Шайлоого катышуу ар бир жарандын конституциялык укугу. Ошол эле учурда татыктуу эл өкүлдөрүн тандоого кепилдик болгон жарандык милдети. Бирок, эл арасында «шайлоого барбасак дагы, шайланып келишет» деген пикирлер калыптанып келет. Кыргызстандыктардын шайлоого карата активдүүлүгү канчалык?
Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жүргүзүлгөн сурамжылоодо, жарандардын шайлоого катышуусу тууралуу ар түрдүү пикирлер жаралды. Кээ бирлери шайлоонун таза өтөөрүнө ишенбесе, кээ бири талапкерлер берген убадалар аткарылбайт деген пикирде.
«5 жыл үнү, аты чыкпаган депутаттар эми шайлоого аттанып жатыптыр. 5 жыл кайда журдү эле? Бир татыктуу программасы жок. Баары эле куру убадалар. Мен шайлоого барып добуш берем. Өзүм татыктуу деген партияны тандап жарандык милдетимди аткарам».
«Шайлоого барам, бирок «баарына каршы»- деген добуш берем. Анткени, азыркы бир дагы партияларга ишенимим жок. Куру убадаларды берип жатышат».
«Мен барып добуш берген менен эч нерсе чечилбейт. Ошол үчүн убара болуп добуш да бербейм. Ансыз деле, бийликке кайсы партия келээри айдан ачык… Эч бирине ишенбейм».
«Шайлоого барбайм. Баарына каршымын».
kyrgyzmedia.kg элдин шайлоого болгон активдүүлүгүн аныктоо максатында сайт аркылуу да интерактивдүү сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы:
2015-жылы шайлоого келип добушун бергендер 59% түзгөн. Бул жалпы шайлоочулардын жарымынан көбү десек болот.
Гульнара Журабаева: «Алдыдагы шайлоого элдин канча пайызы келип катышаарын айтуу мен үчүн кыйынчылык жаратат. Азыркы учурда агитациялык иштер жүрүп жатат. Партиялар элди шайлоого катышууга канчалык үгүттөй алат белгисиз. Ошол эле учурда, баарына каршы добуш берүүгө үндөгөн көрүнүштөр да болууда. Негизи, “баарына каршы” добуш берүү – көрсөткүчтү төмөндөтөт. Анткени, мисалы бир адам шайлоого барып добуш бергиси келбесе же “баарына каршы” деген добуш бергиси келсе дагы шайлоого келбей коет».
БШК маалыматына ылайык,2020-жылдын июль айына карата шайлоочулардын саны — 3 429043 адамды түзөт. Шайлоочулар үчүн өлкө боюнча жалпы 2464 участкалык шайлоо комиссиялары ачылат.
Тариэль Аалиев: «Биздин конституциябызда бийлик элден турат деген норма бар. Ар бир шайлоодо эл өзүнө жоопкерчилик алып, шайлоого келип добуш бериши керек. Анткени, биз 5 жыл бою шайлаган эл өкүлдөрүнөн жоопкерчилик талап кылабыз. Андыктан, ар бир жаран шайлоого барып өзүнүн конституциялык укугун коргоп, өз добушун өзү ишенген талапкерлерге бериши керек. Жаран катары шайлоого барбай, добуш бербей туруп “жашообуз начар”, “өнүкпөйбүз” деген сөздөрдү айтпашыбыз керек».
Быйыл Ача-Кайыңдыда эки шайлоо участогу иштейт
Элеттик айымдардын шайлоого катышуусундагы даярдыктар жана тоскоолдуктар
Касиет Кубанычбек кызы