Эл каттоо – бир мезгилде өлкөнүн же аймактын ар бир мүнөздөөчү демографиялык, экономикалык жана социалдык маалымат чогултуу процесси.
Эл каттоонунун негизги максаты – калктын саны, составы жана жайгаштырылышы жөнүндө дарек алуу. Эл каттоо кыска мөөнөттө – бир нече күн же бир нече жумада өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасында Эл каттоо 2009 – жылы жүргүзүлгөн. Арадан 12 жыл өтүп, 2022 – жылдын 25 – мартынан баштап каттоо башталат. 2009 – жылкы каттоодон айырмасы электрондук түрдө жүргүзүлөт жана ковид -19 боюнча суроолорго жооп берүү кошулган.
Ушундай иштер Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Кызыл – Туу айыл өкмөтүндө окуу башталып, тренерлер каттоо жүргүзүүчү каттоочуларды 17 – 18 – 19 – март күнү 3 күндүк окуу жүргүзүшүп, окутушуп жатышат.
Практикалык иш
Үч күндүк окууда каттоочуларга Мегаком компаниясынын симкарталары, канцелярдык буюмдар берилип, элди уюлдук телефон аркылуу каттоону окутуп, үйрөтүп жатышты. Окуу учурунда түшкү тамак берилип жатты.
Биринчи күн окутууда каттоочуларга теориясы боюнча маалымат берилди.
Экинчи күн окутууда каттоочуларга практикалык иш берилди.
Үчүнчү күн окутууда каттоочулар экзаменден өтүштү.
Кызыл – Туу айыл аймагындагы тренери Гүлзат Тойчубаева:
“Эл каттоонун болуп жатканынын себеби: 10 жылда бир Эл каттоонун болушуна байланыштуу. Эл каттоо 2009 – жылы жүргүзүлгөн. Пандемияга байланыштуу 2019 – жылы жүргүзүлбөй калып, 2022 – жылга узартылды.
Мурдагы Эл каттоо менен азыркы Эл каттоонун айырмачылыгы электрондук форматта болгондугуна байланыштуу татаал болуп жатат. Азыркы Эл каттоодо “ковид-19″ менен оорудубу деген суроо кошулган. Эл каттоо үчүн Кызыл – Туу айыл өкмөтүндө 42 каттоочу окутулуп жатат. Эл каттоого Кызыл – Туу айыл аймагы боюнча 5 айыл, жаңы конуштар, дачалар да кошулган.
Кызыл – Туу айыл аймагы боюнча 4 участок берилген. Ар каттоочуга 60 түтүн бөлүнгөн, ошондо болжол менен 2400 түтүн каттоодон өтүү керек”.
Жаңыл Колхожоева каттоочу:
“Электрондук вариантта иштөөнү, практикалык иш алып барууну жана теорияны үйрөндүк. Эл каттоо жарандар жана мамлекет үчүн абдан маанилүү деп ойлойм. Буйурса ийгиликтүү иш алып барууну максат кылып жатам”.
Тренинг учуру
Аида Раджабова, Айдай Джолчубекова