Нооруз майрамы кыргыз элинде күн менен түндүн теңелип, жаңы жылдын келиши ирээтинде майрамдалып келет.
Тушоо тойдун женүүчүлөрү
Жерге жан кирип, көк чөп баш көтөрүп калган маал, ошо себептүү жер жарылып чөп чык, желин жарылып сүт чык, деп ысырыктоочу сөздөр айтылып келет эмеспи.
Айдан аман, жылдан эсен бололу деген тилек менен Новое айылынын Россинка дачасында аруу тилек, ак ниеттер айтылып, таң атканча сүмөлөк кайнатылып Нооруз майрамы шаңдуу тосулду.
Майрам учурунда Россинянка дачасынын эли, бала — бакырасы менен биргеликте кыргыздын улуттук тамак — аштарынан көргөзмө жасашып, улуттук оюндарынан “Жоолук таштамай», “Аркан тартыш», “Шакек салуу», “Ордо» оюндары кызыктуу ойнолуп, жаштар селкинчек тээп майрамды шаңга бөлөштү.
Кичинекей Нагима менен Софиянын тушоосу ырымдалып кесилип, келечекке даңгыр жол каалоо менен кадамдары ташталды.
Экинчи бөлүк кошуналар үйгө киришип улуттук тамак — аштардан даам сызып, каалоо тилек айтуу менен бирге обон созуп ыр, бий менен уланды.
Сатыбалдиева Элида Россиянка дачасынын тургуну, медайым:
«Нооруз күн менен түн тогошуп, жаздын келиши, кыргызымдын жаңы жылы деп белгиленип келет. Элибизде молчулук, токчулук, жерибизде тынчтык болуп, ар кандай ааламаттан Жараткан өзү жалгасын деген аруу тилек менен жаштарыбызга, уул, кыздарыбызга улуттук тамак, Нооруздун символу сүмөлөк жасоону үйрөтүп, көрсөтүп сүмөлөк кайнаттык. Ар бир үйдө бакубатчылык, бейкут жашоо ыроолонсун, Аллахым иши жокко иш берсин, уулу жокко уул берсин, кызы жокко кыз берсин, келини жокко келин берсин, бойдокторго ак жоолук берсин. Ар дайым чын ден соолукта, айдан аман, жылдан эсен бололу».
Төлөмүшов Эрбол 9 — класстын окуучусу
«Мага Нооруз майрамы абдан жакты.
Жылдагыдан быйыл өзгөчө сонун болду.
Улуттук оюндардан ойнодук, таң аткыча каалоо тилектер бизди айтып сүмөлөк кайнаттык. Учурдан пайдаланып классташтарыма жана жалпы бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырышып, максаттарына жетүү менен бирге өздөрү каалаган ЖОЖго өтүп алышсын»,-деп билдирди.
Сүмөлөк кайнатуу учуру
Перизат Иманкулова, Айдай Джолчубекова